×

Ошибка

Resource not found (14:09 min ago).

- Рамазан агай, «Центерра Голд» компаниясы экологияга зыян келтирген эмеспиз деп коюлган дооматтарды четке каккан билдирүү таратты. Алар актансак жеңиш биз тарапта болот деген позицияны кармана башташтыбы?

- Менимче, алар бети жоктук кылып жатышат. Алар жолугушуудан кийин утулаарын билип, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, кыргыз бийлигине жалаа жаап, суудан кургак чыккылары келип жатат.

Чынында «Кумтөрдөгү» абал алар актана тургандай эмес. Табийгатыбыздын таш талканын чыгарып, экологияга эсепсиз чыгым келтиришти. Уулуу калдыктар төгүлгөн жерлер да маселе жаратат.

Ага карабай кыргыз бийлиги тарабынан коюлуп жаткан доолорду четке кагып жатканы алардын жоопкерчилигинин жоктугу жана мамлекетибизди ойлобогону деп түшүнүшүбүз керек. Кандай болгон күндө да айыгышкан күрөш башталды.

Ошон үчүн биздин бийликтегилер алар тараптан боло турган түрдүү соккуларга даяр турушу керек. Ошондой эле, ушундай бети жок фирманы Кыргызстанга алып келип, элди азапка салган Акаевге кечирим болбошу керек.

Суракка алмыш болуп, кайра коё берип жибергени жарабайт. Аны жоопкерчиликке тартыш керек.