Учурда Кумтөр кенинин улутташтырылышы боюнча бийликтегилер менен оппозиционерлер бири-бирине каршы маалыматтарды айтышууда. Берки жак “21 жылда түшпөгөн кирешени эки айда түшүрүп, бюджетке 90 млн. доллар киреше болду...”,- дешсе, аркы жээктегилер ким билет, шайлоо алдында өздөрүнө саясый упай топтоп, электоратка жаккысы келип атышабы, айтор “Кумтөрдүн артында дүйнөнү башкарган Ротшилддер турат. Эгер Нью-Йорктогу сот бизге каршы чечим чыгарса, анда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү активдери тоңдурулуп, эл аралык изоляцияда калабыз...”,- деген сыяктуу пссимисттик сөздөрдү айтышып, маанайды чөгөрүшүүдө.
Ал эми бул маселенин жоопкерчилигин алган президент С. Жапаров коомчулукка Кумтөр тууралуу кайрылуу жасап, мындай деди:
"Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып".
Мамлекет башчы андан аркы сөзүндө Кумтөр боюнча эл аралык соттон утулуп калган күндө да Кыргызстан уттурбасын, ал үчүн элдин колдоосу зарылдыгын белгиледи.
"Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? “Кумтөрдү” көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го? Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт".
Эми кимге ишенебиз? Оппозициягабы же президенткеби? Канткен менен баардык жоопкерчиликти өзүнө алып, эл аралык мафиянын коркутуусуна карабай өз эли, мамлекетинин жыргалчылыгы үчүн тобокелчиликке барган президентке эле ишенип, оптимисттик ойдо болгондугубуз туурадыр.