- Бейшенбек Абдразакович, октябрь революциясына билинбей эле бир жыл болуптур. Сиз бир жыл аралыгында эмне өзгөргөнүн байкай алдыңыз?

- Октябрь революциясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун бир жылдын көп убактысы мамлекетти турукташтырууга, мыйзамдаштырууга, Баш мыйзамды кабыл алууга, башка бардык мыйзамдарды Баш мыйзамга шайкеш келтирүүгө, жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө кетти. ЖК али шайлана элек, жаңы туруктуу өкмөт келе элек. Майда бирок маанилүү маселелер менен бийлик алек болуп жатат. Чоң келечектүү, стратегиялык орчундуу маселелер менен алек болгонго убакыт да аз болуп, каржы да, саясый кырдаал да жол берген жок. Анысы аз келгенсип кыргыз-тажик жаңжалы, Ковид пандемиясы, кымбатчылык, кургакчылык, азык - түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү,  андан тышкары кошумча "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган кыймыл - ред.) проблемасы пайда болду. Бирок бир жылда элге айткан президенттик башкарууга барабыз, Баш мыйзамды жаңы кабыл алабыз, жаңы шайлоо кылабыз, “Кумтөрдү” элге кайтарабыз деп айткандарын аткарып жатат. Эми эң негизгиси “Кумтөрдү” эл аралык соттон жеңип алсак, 28-ноябрда боло турган шайлоону мыйзамдуу, тынч, адилет өткөрүп алып, жаңы ЖК келип мыйзамдуу иштесе, жаны өкмөттү бекитсе конституциялык, мыйзамдуу жолго түшүп өнүккөн өлкөгө айлансак,  элибиз ыраазы болот эле.