- Президенттин Тажикстанга барып, ШКУнун саммитинде  чек ара маселесин көтөргөнү Кыргызстан чек араны чечүүгө кызыкдар экенин билдирдиби?

- Чек ара маселесин чоң жыйында көтөргөнү, ортого салганы бүгүнкү күндүн талабы, өзгөчө кыргыз элинин, баткендиктердин талабы. Бирок чек ара эки мамлекеттин проблемасы, көйгөйү. Эгерде  эки мамлекеттин бийлиги бул маселени чече алышпаса, анда Эл Аралык уюмдарга, биз мүчө болгон уюмдагы мамлекеттин жетекчилерине кайрылуусу туура.

- Бирок президенттин чек ара маселесин көтөргөн аракетин да сындай башташты го?

- Президенттин аракети бирөөгө жагат, бирөөгө жакпайт. Бүгүнкү абал, ситуация, коом ушундай. Негизи Кыргыз мамлекетинин, Кыргыз элинин, Кыргыз  жеринин кызыкчылыгы сакталышы керек!

- Эмне үчүн Тажикстан чек араны чечүүгө ашыкпай жатат?

- Тажик Республикасынын  чек араны чечүүгө кызыкпаганы, акырындык менен  Баткен, Лейлек райондорунун территориясын ээлеп алууну максат кылышууда. Күн сайын убакыт тажиктерге иштеп жатат. Баткен району Тажикстандын  төрт району менен чектешет. Лейлек району болсо, Тажикстандын тогуз району менен чектешет. Алардын элинин саны жылдан жылга өсүп жатат. А бизде болсо миграция күчөөдө. Ошондуктан бийлик чек ара маселесин чечүүгө катуу киришип, Баткен облусунун  экономикасын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурушу керек. Элге жумуш орундарын түзүшү керек.