- Төрөбай мырза, Отунбаева менен Текебаевдин активдешще баштаганы дагы бир революцияны көздөгөндөн кабар бербейби?

- Роза Отунбаеванын да, Текебаевдин да көздөгөнү бийликке келүү. Алар шайлоодо жеңип келип, легитимдүү бийлик болуп башкарууну колго алууну каалап жатышат. Шайлоодо ийгиликке жетишпесе революция жолу менен болсо да бийликти басып алууга аракет кылышат. Ошон үчүн экөө тең активдеше баштады. Ошондой эле батышчыл саясатчылар да жанданып, бириге башташты. Себеби, Россия менен Америка Кыргызстанды талашып, ар кимиси өз таасирин күчөтүүгө аракет кылып жатышат. Чынында Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө ишеним артып, аларды шайлоодон мурун жоопко тартуунун жолун табышыбыз керек.

Булак: «Майдан. kg» гезити