- Ар ким өз профессиясын аткарса жакшы болот эле. Артист, спортсмен, космонавт, чабан, саанчы… саясатка катышып депутат болгон илгерки Советтик системадан калган оору. Авторитардык өлкөлөрдө эмдигиче колдонулуп келет. 

Саясатчы болууга тыюу жок, бирок саясатчы болом деген адамдар саясат илимин үйрөнүп, бир топ жыл машыгып анан болсо. 

Американын эң мыкты президенттеринен болгон Рейгандын профессиясы актёр болгон. Бирок ал башынан эле профсоюз иштерине активдүү катышып, коомдук иште такшалган. Калифорниянын губернатору болуп эки жолу шайланган. (Калифорниянын экономикасы Россияныкынан 3 эсе чоң). Андан кийин гана президенттик шайлоого катышып эки жолу жеңип алган.  

Бизде саясат илимин, профессиясын алгандар жокко эсе. Биздин саясатчылардын дээрлик бардыгы кландыктын, интриганын, саясаттан акча жасагандын  «профессорлору».

Мындай саясатчылар менен мамлекет өнүгүшү мүмкүн эмес…