"Улуттар биримдиги" партиясынын лидери, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов бийлик кызмат сунуштаганын бирок баруудан баш тартканын айтып чыкты. Бул тууралуу ал журналист Майраш Базлакуновага маек берип жатып билдирген. 

"Сиздин тажрыйбаңызды бийлик өлкөнүн өнүгүшүнө пайдаланууга аракеттенбедиби?" - деген суроону журналист берген. 

"Сунуш болду, бирок мен шартыма байланыштуу кызматка бара албадым. Мен кызматка жүгүрбөймүн", - деп жооп берди Мырзакматов.