“Кара июлдагы” Кытайдын жардамы...

Июль айында былтыр бир топ адам коронавирустан кырылып, кабырганы кайыштырган. Ошондон улам коомчулукта “каралуу июль” деп аталып калган. Бул куураган вирус Кыргызстандан кетпей, үчүнчү толкуну быйыл кайрадан июлга туш келип, бир топ адамдын өмүрүн алды.

Кыргызстандын башына оорчулук түшкөндөн бери, биздеги терс көрүнүштөргө карабай, Кытай мамлекети жардамын аябай келетат. Бул факт. Мына, былтыр, коронавирус башталганда, март айынын башынан бери Кытай кыргыз тарапка 6 миллион 764 миң 605 доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтүшкөнүн республикалык штаб билдирген. Штаб бул суммага медициналык коргонуу каражаттарын: беткап, колкап, көз айнек, термометр, N95 респиратор, желдеткич жана башка керектүү нерселерди сатып алганын айткан.

Пандемия башталгандан бери, Кытай менен Кыргызстан бири-бирине жардам берип, эпидемияга каршы күрөшүп, эки элдин ортосундагы бир туугандык достук мамилелерин даана көрсөтүштү. Кытайдын Кыргызстанга көрсөткөн эбегейсиз чоң колдоосу жана ири көлөмдөгү жардамы эпидемияга каршы күрөштө маанилүү роль ойногонун баса белгилеген Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал жакында эле Кытай өкмөтү Кыргызстанды вакцина менен камсыздап, кыргыз өкмөтүнө жалпы вакцинация иштерин өз убагында жүргүзүүгө жардам бергенин эске салды. "Кыргызстан Кытай менен эпидемияга каршы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр жана эпидемиядан тез арада биргелешип чыгуу аракетин көрүүдө”,- дейт министр.

Кечээ, 7-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ушул жумада Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алынып келээрин билдирди. Анын айтымында, 150 миңин Бээжин жардам ирээтинде бекер берген, калганын Кыргыз Өкмөтү сатып алган.

Коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы Кытайдан 19-мартта келип, 29-марттан тартып эмдөө башталган. Кытай Кыргызстандагы пандемияга каршы күрөшүүгө жана башка тармактар боюнча көптөгөн жардамдарды берип келатат. Алардын мындай жылуу мамилесин биз эч качан унутпайбыз. Кыргызстан Кытай мамлекетин туруктуу өнөктөш катары эсептейт.

 

Коронавируста жардамга шашкан Кытай

Коронавирус алгачкы жолу 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухан шаарында чыккан. 2020-жылы мартта Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюму ал кырдаалга пандемия деген мүнөздөмө берген.  Кытайдын Тышкы иштер министри Ван Инин айтымында, Кытайда коронавирус чыкканда бийлик тез аранын ичинде эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн чараларды көрүп, жеӊип чыккан. Тагырагы, пандемия башталгандан тартып Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин өз элинин саламаттыгын биринчи орунга коюп, убагында активдүү чараларды көрүп, дүйнөдө эң биринчилерден болуп коронавирусту жеңип, экономиканы калыбына келтирген. Бүгүнкү күндө Кытай дүйнөнүн экинчи ири экономикасына айланып, дүйнө мамлекеттеринин өнүгүшүнө үлгү болду.

Кытайга суктанган көпчүлүк мамлекет Бээжинден жардам күтүштү. Кытайсыз Европа коронавируска каршы өзүн коргой албасына көзү жетти. Мисалы, Италия, Испания, Сербия, Франция, Польша, Иран, Ирак, Филиппины, Камбоджа. Сербиянын президенти Александр Вучич Кытайга толук ишенип, “Мага сенин досуң ким экендигин көрсөтчү” дегендей, жамандыкта Кытай жардамга шашып келип, нак достугун көрсөттү”- деп Кытай бийлигине ыраазычылыгын билдирген. Практика көрсөткөндөй, Кытай Европаны каптаган пандемияда бардык мамлекетке колдон келишинче жардам берди.

 

Кыргыз-кытай алакасы. “Бир алкак - бир жол” долбоору...

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамиле ылдамдык менен өнүгүүдө. Жаӊы келген президентибиз Садыр Жапаров да Кытай бийлиги менен бат эле тил табышып кеткени кубандырат. Ал ушул жылдын февраль айында,  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин телефон аркылуу сүйлөшүп, эки мамлекеттин мамилесин тереңдетүү жана эки тараптуу пайдалуу кызматташтык тууралуу пикир алмашкан.

Кытай менен бирге Кыргызстан көптөгөн пайдалуу долбоорлорду ишке ашырды. Кыргызстан “Бир алкак - бир жол” долбооруна активдүү катышууда. Бул тууралуу Президентибиз Садыр Жапаров 5-майда Баш мыйзамга кол коюп жатып кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда билдирген.  “Республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык темир жолдорго интеграцияланган темир жол системасынын жоктугунан өлкөбүздүн транзиттик потенциалы өнүкпөй жатат. Андыктан, “Бир алкак — бир жол” долбоорунун алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашырууну тездетебиз”,- деген Садыр Нургожоевич.

 

“Бир алкак - бир жол” Кытайдын тышкы саясатынын өзөгүбү?

Өлкө лидери Си Цзинпин “Бир алкак - бир жол” демилгесин Кытайдын тышкы саясатынын өзөгү деп санайт.

Бээжиндин "Бир алкак- бир жол" долбоору 2013-жылы жарыяланган. Кытай өз долбоору аркылуу Азия, Африка, Европа жана башка аймактарды байланыштырып, соода жүргүзүүнү күчөтүү ыкмасын сунуштаган. Бээжиндеги форумдун ишине 187 өлкөнүн делегациясы, 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары келген. Алгачкы жыйын 2017-жылы өткөн. Андагы президент Сооронбай Жээнбеков “Бир алкак - бир жол” форумуна барган.

“Бир алкак – бир жол”» - Кыргызстанды алдыга жылдыра турган бирден-бир долбоор.

Газ, темир жолдор сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор да Кытайдын “Бир алкак – бир жол” программасына байланганы ачуу чындык.

11-майда Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Ваң И жолугуп, сүйлөшкөн. Алар 2022-2023-жылдардагы кызматташуу программасына кол коюшкан. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда төмөндөгүдөй маселелер көтөрүлгөн:

1. Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларынын эскпортун кеңейтүү;

2. “Торугарт” жана “Эркеч-Там” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу;

3. Товар жүгүртүүнү көбөйтүү;

4. Кыргызстанда гранттык долбоорлорду ишке ашыруу;

5. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу;

6. Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик карызын жөнгө салуу;

7. Кыргызстандын экономикасына Кытайдан максаттуу инвестицияларды тартуу;

8. “Бир алкак - бир жол” демилгесинин алкагында инфраструктура жаатындагы долбоорлорду бирге ишке ашыруу;

9. “Торугарт” жана “Эркеч-Там” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптимизациялоо багытындагы иштерди жүргүзүү.

Мындан тышкары, Кытай тарап Кыргызстандан экспорттолгон экологиялык таза продукциялардын көлөмүн көбөйтүп, тизмеге картошка, төө буурчак, рапс жана жүзүмдү кошууга кызыкдар экенин билдирген.

Акыркы жылдары кыргыз-кытай соода-алакасы солгундай түшкөн. Бул жолку келишим мамиле оңоло баштаганын айрым эксперттер айтышууда. Демек, “Бир алкак - бир жол” - Кыргызстанды алдыга жылдыра турган бирден-бир долбоор.

Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити