Көз карандысыздык

Кыргыз элинин тарыхындагы эң орчундуу тарыхый окуя – 1991-жылдын 31-августу болуп эсептелет. Бул тарыхый окуя кылымдар бою жетишкен зң зор ийгилигибиз. Дүйнөдө үч миңге жакын улут болсо, ошолордун ичинен 193нүн гана эгемендүү өлкөсү бар. Калкы 30 миллиондон ашкан элдер да эгемендүү мамлекет курганга зар какшап зарыгып, кылымдар бою эркиндик үчүн күрөшүп келе жатышат. Эгемендүү Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, БУУда Кыргыз Туусу желбиреп турганы чоң сыймык. Тынчтык жолу менен келген эгемендүүлүгүбүздүн кадыр-баркына жетип, аздектеп, барктай алдыкпы? Отуз жылдын ичинде эгемендүүлүктү бекемдөө үчүн кандай иш-аракеттер аткарылды? Дүйнөдө өз алдынча мамлекет болуп, дүйнө жүзүнө кандай жакшы сапаттарыбызды, артыкчылыктарыбызды көрсөтө алдык? Мамлекет катары кандай өнүгүү жолунда баратабыз? Ушул суроолордун айланасында ой-калчап, талдоо жүргүзүп көрөлү.

Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы жылдары мамлекеттин атрибуттары – мамлекеттин туусу, гимни, герби, улуттук валюта сом жана башка ушул сыяктуу атрибуттары кабыл алынды. 1989-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзамда кабыл алынган кыргыз мамлекеттик тилин өнүктүрүү боюнча программалар иштелип чыкты. Нельсон Мандела айткандай:   “Эгер тил менен маданиятың жоголсо чек араңды ачып сал. Баары бир эмнеңди коргойсуң? Бул эми сениң элиң эмес”- дегендей, эгемендүүлүктүн негизги атрибуту болгон кыргыз мамлекеттик тилин өнүктүрүү боюнча 1991-1995-жылдары жигердүү иш-аракеттер жүргөн. 1996-жылдан баштап кыргыз тилине көңүл бурулбай, президент баш болуп, айрым интелигенция өкүлдөрү төш болуп:”Кыргыз тили, эгемендүүлүк казаныңа аш салып береби?”- деген маанидеги сөздөрдү сүйлөшүп, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө балта чабышкан. 1999-жылы орус тилине расмий статус берилиши да, араң басып келе жаткан кыргыз тилинин өнүгүшүнө кедергисин тийгизген. 1996-2010-жылдары мамлекеттик кыргыз тили өнүгүү процессин токтоткон. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин коомчулуктун пикирин эске алып, мамлекеттик тилге бир аз көңүл бурула баштады. Мамлекеттик тилдин жаңы өнүгүү концепциясы кабыл алынып, акча-каражаты бөлүнүп, акырын жай аракеттер болгон. 2016-жылдагы мониторинг боюнча Президенттин иш башкармалыгында, Өкмөттө, Жогорку Кеңеште, Сот бийлигинде иш кагаздары 70-80 пайыз расмий орус тилинде жүргүзүлгөн.

Аскар Акаев

Эгемендүүлүктүн отуз жылынын тең жарымы туңгуч президент Аскар Акаевдин башкаруусуна туура келди. 1991-жылы Советтер Союзу тарап, социалисттик система кыйрап, рынок мамилелерине өтүү этабы башталган. Базар экономикасына шашылыш түрдө коррупциялык элементтер басымдуулук кылган тартипте өткөндүктөн приватизация маселесинде көптөгөн мыйзам бузууларга, калпыстыктарга жол берилген. Президенттин айланасындагылар, жогорку жана орто даражадагы чиновниктер ишканаларды жең ичинен текейден арзан баага сатып алышкан. Мамлекттин, элдин менчиги ушундай адилетсиздик жол менен жеке менчикке өтүп, таламайга түшкөн. Коррупциялык жол менен алган менчик ээлери азыркы күнгө чейин түшүнөн чочуганда менчикти коргоо боюнча ураандарды кыйкырып турушат. Мыйзамсыздыктын, адилетсиздиктин кесепетинен өнөр-жайы болуп көрбөгөндөй талкаланды. Айыл-чарба тармагы да ырааттуу өнүгүү жолунан чыгып, чачырап, чаржайыт абалга кептелди. Коррупция гүлдөп, Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин жетти. Экономикабыз эңшерилип туңгуюкка кептелди. Жакырчылык күчөп, тышкы миграция массалык мүнөзгө өтүп, эл көр тириликтин айынан чет өлкөлөргө суудай агылды. Эгемендүүлүгүбүздүн алсыроо процесси башталды. Бул процесс азыркы күнгө чейин токтой элек...

Аскар Акаевдин жакшы жактарын да айтпай кетүүгө болбойт. Демократия жолуна түшүп, базар мамилесине ыкчам өтүп, кыргыз сомун эрте киргизгени эркин соодага, жеке ишкерликке жакшы шарттарды, мүмкүнүлүктөрдү түздү. Соода, тейлөө тармагы өнүгүүгө бет алып, бир топ элдердин кирешелери көбөйгөн. Ошол кезде Дордой, Кара-Суу базарлары Борбор Азиядагы белгилүү, кубаттуу базарлар эле. Аскар Акаев дипломат, оратор, көп векторлуу тышкы саясат жүрүзгөн президент болгон. Ошондуктан КМШ мамлекеттеринин ичинен Дүйнөлүк Соода Уюмуна биринчилерден болуп кабыл алынганбыз. Бир катар эл аралык уюмдарга мүчө болгонбуз. Ошол мезгилде “Манас” эл аралык аэропорту реконструкцияланды. Ош-Бишкек стратегиялык жолу реконструкцияланган. Баткен облусу түзүлгөн. Ош шаарына экинчи борбор деген статус берилген. Манас-1000, Ош-3000, кыргыздын 2200-жылдык юбилейлери ЮНЕСКО тарабынан белгиленип, майрамдалган. Мечиттер, мектептер, жогорку окуу жайлары көп ачылган.

Ички дүң өндүрүмдү 2004-жылы 1989-жылга салыштырганда, ИДӨнү киши башына эсептегенде 8 эсе азайган. 2004-жылдын аякташы менен ИДӨ 2,2 млрд. долларды түзгөн. Ошол жылы АКШ долларынын курсу 39 сом болуп жаткан. Республикалык бюджеттин көлөмү 14,9 млрд. сомго жетип 2004-жыл аяктаган. Акаевдин бийлиги коррупцияга белчесинен батып, элдин турмушун итке мингизип, бюджеттегилердин азгана айлыктарын, пенсионерлердин пенсияларын  кечиктирип, товар түрүндө берип калган учурлары көп кездешкен. 2002-жылы Үзөңгү-Куушту Кытайга бергендиктен массалык толкундоолор, жүрүштөр башталып, 17-мартта Аксыда ички иштер кызматкерлери өз элине ок атып, 5 адам өлүп каргашалуу окуя болгон. Ошого карабастан мыйзамдарды тебелеп парламентке баласын, кызын, жакындарын алып келип, өзү төртүнчү мөөнөткө шайлоого даярданып жатканда 2005-жылы март айында ар бир аймактардан нааразы болгон эл көтөрүлүп, жоогазын ыңкылабына айланып 24-мартта Бишкекте масштабдуу чоң толкундоолор орун алып, Аскар Акаев бийликтен кулап, чет өлкөгө качып кеткен.  

Курманбек Бакиев

Март ыңкылабынан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев беш жылдын аралыгында “жыртылганды жамап, үзүлгөндү улап” дегендей жакшы эле иштерди аткарды. “Камбар-Ата-2” ГЭСинин бир гидроагрегаты ишке берилген. Ош-Сары-Таш-Иркештам жолу реконструкциялана баштаган. Ош аэропорту реконструкцияланган. Бишкек-Нарын-Торугарт жолу реаблитацияланган. Кызыл-Кыядагы ири цемент заводу курулган. Тигүүчүлүк өндүрүшү өрүш алган. Ички дүң өндүрүм 2009-жылдын аякташы менен 4,8 млрд. долларга жетип, 2004-жылга салыштырмалуу 120 пайыздан ашык өскөн. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 2009-жылдын аякташы менен 48 млрд. сомго толгон. 2004-жылга салыштырмалуу 3 эсе өскөн. 2009-жылы доллардын орточо курсу 47 сом болгон. Куралдуу Күчтөрдүн, чек ара кызматынын абалын жакшыртуу боюнча реформалар жүргөн. Маданият тармагына жакшы көңүл бурулган. Бюджетте иштегендердин эмгек акылары, пенсиялар өз убагында акчалай түрдө берилип, 2 эсе көбөйгөн.

Электр энергияга, жылуулукка,  тарифтерди көтөрүп, энергесекторду модернизациялоого аракеттер көрүлө баштаганда, оппозиция тарап нааразы болуп, митингдерди, жүрүштөрдү уюштурган. Курманбек Бакиевдин кемчилиги Аскар Акаевдин жолун улап, үй-бүлөлүк башкарууга жол бергендиги болду. Үй-бүлөлүк башкаруунун кесепетинен, АКШнын аскердик базасын чыгарбагандыгынын айынан, энергетикага, уюлдук байланышка тарифтердин көтөрүлгөндүгүнөн оппозициянын чырагына май таамп, алоолонуп күч алып, массалык толкундоолор болуп, натыйжада адам өлүмү менен коштолгон апрель төңкөрүшү болду. 2010-жылы апрель айында Курманбек Бакиев президенттикти тапшырып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Алмазбек Атамбаев

87 адамдын өлүмү менен коштолгон апрель төңкөрүшү элдин үмүтүн актай алдыбы? Электр энергияга, жылуулукка, уюлдук байланышка бааларды мурдагы калыбына келтирип, АКШнын аскердик базасын Кыргызстандын аймагынан чыгарганы менен коомдо, экономика тармагында кескин революциялык өзгөрүүлөр болгон жок. Мурдагы эле коррупциялык система өкүм сүрүп турду. Кадрдык саясатта да мурдагыдай эле парокорчулук, дос-тууганчылык саясаты уланды. Үй-бүлөлүк башкаруунун формасы гана өзгөрдү, мазмуну ошо бойдон калды. Алмазбек Атамбаев башында турган бийлик өнөр-жайын, айыл-чарбасын өнүктүрүү боюнча аракетсиздигин көрсөтүп, конкреттүү пландар менен иш алып барбады. Ага караганда бийликтегилер өз көмөчүнө күл тартып чөнтөгүн толтурмай, интрига, популизм менен көп алектеништи. Экономиканы, бизнести бийликтин бир ууч өкүлдөрү ээлеп, эркин экономикага, атаандаштыкка жол берилбеди. Бийликтегилер адатынча “Кумтөр” алтын кенинен, бажы, салык жана башка майлуу-сүттүү жерлерден доля, арам акча алганын улантышты. Ошонун кесепетинен мамлекеттик бюджетке акча толук кандуу түшпөй жатты. 2017-жылдагы иликтөө боюнча бажы төлөмдөрүнөн 25 млрд. сом, салык төлөмдөрүнөн 60 млрд. сом акча мамлекеттик казынага түшпөй жаткан. Салык тармагында ири, орто жана чакан ишканаларга реалдуу хронометраж жүргүзүп текшергенде, мисалы 100 миң сом төлөй турган салыктын 30 миң сомун араң бюджетке которуп жаткан. Себеби, ар бир кубаттуу салык төлөөчү ишкананын үстүндө жогорку бийликте же жергиликтүү бийликте ишенген крышасы, калкалап турган адамы болгон. Жогорку Кеңештин депутаттарынын да 95 пайызы өздөрүнүн ишканаларынан салыкты жарым-жартылай төлөп кирешелерин жашырып турушкан. Ошондуктан Жогорку Кеңеш да, аткаруу бийлиги да, укук коргоо органдары да бул чырмалышкан коррупциялык система менен күрөшүүгө баралган эмес, себеби өздөрү аралашкан.

Ал кездеги бийлик да эгемендиктин принциптерине кол шилтеп, кош көңүл карашкан. Тактап айтсак, “Кыргызгаздын” 100 пайыз акциясын Россиялык “Газпромго” бир долларга сатканы, “Жерүй” алтын кенинин 100 пайыз акциясын Россиялык “Восток-геолодобыча” компаниясына сатып жибергени акылга сыйбас иш болду. Эгемендиктин принциптеринен гана тайбастан, келечектеги перспективалуу финансылык кирешелерден да кол жууганбыз. “Кумтөр” алтын кенине алгачкы келишим түзүлгөндө бийликтин бир аз акыл-эси бар экен 30 пайыз акцияны мамлекеттин менчигинде калтырыптыр. Кийин “Кумтөрдүн” акциясы 26 пайызга түшкөн, азыркыга салыштырмалуу бул деле жаман эмес. “Кумтөрдөгү” Кыргызстандын үлүшүн 50 пайызга көтөрөбүз же улутташтырабыз деп ондогон жылдар бою аракет кылышканы менен майнап чыкпай келет. Баштапкы генералдык келишим түзүлгөндон кийин аны өзгөртүү кыйын болору белгилүү. Ошол окуяларды көрүп-билип туруп сабак албаганыбыз жан кейитерлик...

Ошону менен катар Алмазбек Атамбаевдин жакшы иштери да арбын. “Датка-Кемин” электр линиясы, подстанциясы курулуп, пайдаланууга берилгени энергетика боюнча көз карандылыктан арылдык. Бул да болсо эгемендикти бекемдөө үчүн бир тепкич көтөрүлгөндүк дегенди түшүндүрөт. Ири долбоор - түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун курулушу башталган. “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту ишке берилди. Чакан болсо да Токмоктогу пахтадан кездеме токуу комбинаты курулуп, иштеп жатат. “Кошой” кант заводу жанданып, иштей баштаган. Өлкөнү санариптештирүү башталып, азыркыга чейин иш уланып жатат. Бишкек, Ош жана башка шаарларда 20 жылдан бери жаңыланбай, жээлип кеткен инфраструктураны жандантып аракеттер көрүлө баштады. 2010-2020-жылдары шаар мэрлери активдешип, инфраструктурага, тазалыкка, мыйзамсыз курулуштарга каршы көңүл буруп иштей баштаган этап болуп, шаарлар оңоло баштаган. Көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу да көбөйгөн. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 1-2си эл аралык деңгээлде өттү. 2017-жылдын аякташы менен ички дүң продукция 7,7 млрд. долларга жетип, жети жылда 60 пайызга көбөйгөн. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 125 млрд. сом болуп, көлөмү дефицитти кошпой санаганда 150 пайызга көбөйгөн. 2017-жылы АКШ долларынын орточо курсу 69 сом болуп турган.

Сооронбай Жээнбеков

2017-жылы күзүндө президентикке келген Сооронбай Жээнбеков улам-улам коопсуздук кеңешинин чогулушун өткөрүп, өлкө туташ коррупцияга батыптыр, коррупцияга каршы аёсуз күрөш башталды деп бир канча жолу кыйкырганы менен майнап чыкпады. Мурдагы президенттердин жолун улантып, акырын өзүнүн стихиясында иштеди. Коррупцияга каршы күрөш тандалма мүнөздө, саясий мотив менен жүрдү. Негизинен өзүнүн оппоненттерин камады.

С.Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү жылын жарыялап, таза суу программасы боюнча жакшы иштерди аткарды. Ош шаарына машина куруу, текстиль фабрикасы курулганы менен азыркы күнгө чейин продукция чыгарбай, үзгүлтүксүз иштебей жатат. Ички дүң өндүрүш 2018-2019-жылдары 3-5 пайызга өсүш берип жатты. 2019-жылдын аякташы менен ИДӨнүн көлөмү 8 млрд. 490 млн. долларды түзүп, 2017-жылга караганда 700 млн. долларга көп болгон. 2019-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 152,1 млрд. сом болгон. 2017-жылга караганда 27 млрд. сомго көп чогулган. 2019-жылы салык, бажы тармагында кардиналдуу өзгөрүүлөргө барганда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 200 млрд. сомго толуктаганы бардык мүмкүнчүлүктөр бар эле, киреше булактары жетиштүү болчу. Андай чукул өзгөрүүлөргө, реформага барууга эрки жетпеди.

Сооронбай Жээнбековдун президенттик мезгилинде, мамлекеттик кыргыз тилинин өнүгүшүндө бурулуш этап болду. 1996-жылдан бери мамлекеттик деңгээлде тоңуп турган кыргыз тили жанданып, кайра өнүгүү жолуна түштү. Президенттик иш башкармалыгында чогулуштарды, жыйналыштарды кыргыз тилинде өткөргөндүктөн башка бийлик бутактарына, жергиликтүү бийликтегилерге үлгү болуп, мамлекеттик мекемелер, коомчулук кыргыз тилине басым коюшту. Бардык бийлик бутактарында иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрүү процесси ыкчамдады. “Кыргызтест” программасы ишке кирип, жогорку бийликтегилер баш болуп, бардык мамлекеттик кызматкерлер “Кыргызтесттен” өтүшкөн.

Бул жолу да адатынча парламенттик шайлоодон чыр чыкты. С.Жээнбековдун бийлиги да мурдагы бийликтегилердин жолун жолдоп админстративдик ресурсту колдонуп, акча таратып, парламенттик шайлоону көзөмөлгө алды. Өзүнө караштуу партияларды парламентке өткөргөндөн соң, өтпөгөн партиялар биригип беш миңдей адамды митингке алып чыгып, толкундоолор күчөгөндөн күчөп бир адам каза болуп, жүздөгөн адам жарадар болуп, митинг көзөмөлдөн чыгып ыңкылапка айланды. Жаалданган митингчилер С.Жээнбековду бийликти тапшырууга аргасыз кылышты.

Садыр Жапаров

Октябрь революциясынын шарапаты менен бийликке келген Садыр Жапаров бир-эки жыл убакыт сурап, мамлекетти кризистен чыгарарын, өлкөнү кантип өнүктүрүү боюнча изги ой-максаттарын, план-программаларын айтып, чукул реформаларга барарын көп жолу кайталап элге түшүндүрдү.

Садыр Жапаров президент болгондон бери Баш мыйзамды өзгөртүп президенттик башкарууну киргизип, бийликти бир колго топтоп, “өлкөнү өйдө көтөрөм, коомду коррупционерлерден тазалайм”- деп, барандуу аракеттерди жүргүзүп жатат. Улуттук коопсуздук комитети да ири коррупционерлерди түрмөгө отургузуп, коррупцияга каршы күрөштү күчөттү. Бирок, бийликтин башка бутактары, жергиликтүү бийликтегилер президенттин идеяларын, демилгелерин сөз жүзүндө колдомуш болуп, иш жүзүндө мурдагы калыптанган системадан, көнгөн адаттан арылалбай эскиче иштешип жатат. Бул журүштө коомду, экономиканы алга түртүү өтө кыйын. Мамлекеттин жаркын келечеги үчүн, эгемендикти бекемдөө үчүн “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” иштей турган мамлекеттик араба түзүү зарыл.

 

Соңку сөз

Демократиялык принциптер, сөз эркиндиги, адам укугу жаатында эгемендүүлүк алгандан бери Борбор Азияда лидерликти бербей келебиз. Дүйнөлүк рейтингде 80-90чу орундардын айланасында 30 жылдан бери өйдө-ылдый түшүп турабыз. 2010-жылы жаңы Баш мыйзамды референдум өткөрүп кабыл алып,  парламенттик башкарууга өттүк дегенибиз менен формалдуу  түрдө парламенттик-президенттик башкаруу орногон, иш жүзүндө президенттик башкаруу формасы өкүм сүрүп турган. Кыргызстанда жергиликтүү шайлоолор жалпысынан анча-мынча кемчиликтерди, партиялардын ортосунда тирешүүлөрдү айтпаганда, демократиялык мүнөздө ачык, таза өтөт. Парлпменттик жана президенттик шайлоо, референдумдар президенттин жеке көзөмөлүндө өтөт. Бийлик кимди, кайсы партияны өткөрүштү өзү чечет. Админстративдик ресурсту колдонуппу, акча таратыппы, БШКда махинация кылыппы - бийлик 30 жылдан бери шайлоолордо, референдумдарда каалаган максатына жетип келген. Сөз эркиндиги боюнча да маалымат каражаттары жаза берет, айта берет, 200-300 адам митингке чыга берет маселе чечилбейт. Акыйкат, чындык карапайым адам тарапта 100 пайыз болсо да, ким сотко, укук коргоо органдарына же башка бийлик өкүлдөрүнө 200 миң сом пара берип койсо мыйзам ошол тарапка иштейт. Акыйкатка жетпей ачкачылык жарыялайсыңбы, ак үйдүн алдында өзүңдү өрттөйсүңбү бийлик тарапка чымын чакканчалык болбойт, анткени бардыгын 200 миң сом чечип койгон. Качан гана 2-3 миң агрессивдүү митингчилер чыкканда бийлик көңүл буруп, маселени чечкенге аракеттенет.

Жогорудагы белгилеп өткөн кемчиликтердин себебинен отуз жылдан бери Кыргызстан жакыр өлкөнүн катарынан баш көтөрүп, жогору карай бакубат жашоого кудрети жетпей келет. Жакыр өлкөнүн абалынан чыгып, жакыр эмес өлкө болуш үчүн коррупциялык системага балта чаап, адилеттүү, ыймандуу болуп тынымсыз, үзүрлүү эмгектенишибиз абзел. Ал үчүн дүйнө өлкөлөрүнө массалык экспортко чыгара турган жеңил жана тамак-аш өнөр-жайынын продукциясыбы, машина куруунун продукциясыбы, фармацевтиканынбы же башка тармактардын дүйнөлүк эталонго жооп бергидей сапаттуу продукцияларды чыгара турган беш-алты кубаттуу ишкананын болушу керек. Ал эми жакынкы жылдары жакырчылыктан чыгуу үчүн, азыркы күндөгү мамлекеттин экономикалык милдети,  5-6 жылдын ичинде 2027-жылга чейин ички дүң өнүмдү 20 млрд. долларга жеткиришибиз зарыл.

Эгемендикти бекемдейм, мамлекет үчүн чын жүрөктөн иштейм деген адилеттүү, мамлекеттик деңгээлде тунук ой жүгүрткөн мамлекет башчылары чыкпады. Өз көмөчүнө күл тарткан, кара курсагын ойлоп, тар чөйрөдөн чыкпаган жогорку бийлик өкүлдөрү Кыргызстанды сазга батырды. Коррупционерлер бири-бирине тилектеш, табакташ болушуп өзүнчө эле бир кесипчилик кошунуна айланып, бийлик өкүлдөрү менен карапайым калктын ортосунда ажырым чоңойуп баратат. Уюшкан кылмыштуу топ менен уюшкан коррупциялык система биригип кеткени өтө опурталдуу көрүнүш... Бул чырмалышкан системадан арылмайынча салык, бажы төлөмдөрү да көбөйбөйт, сот реформасы да ишке ашпайт, коом да өзгөрбөйт. 30 жылдан бери айсберг 1 грамм да ээриген жок. Революция жолу менен келген бийликте жоопкерчилик эки-үч эсе жогору болушу милдеттүү. Эл үчүн күнү-түнү чымырканып иштөөсү абзел.

“Жаман да болсо үйүм бар, жакыр да болсо мамлекетибиз бар”- дегендей, Кудай шүгүр, эгемендүү бүтүн мамлекетибиз бар. Ошондуктан эгемендүү мамлекетибизди көздүн карегиндей сакташыбыз зарыл. Мындан ары үзүлгөндү улап, жыртылганды жамап, чачылганды жыйнап алга карай умтулуп эгемендүүлүктү бекемдөөбүз керек. Эгемендүүлүктү бекемдөөнүн негизги принциптери: аймактын бүтүндүгү, мамлекеттин тили, улуттун маданияты, экономикалык көз карандысыздыгы, көз карандысыз тышкы саясаты, демократиялык шайлоо эркиндиктери жана башка ушул сыяктуулар болуп эсептелет. Ушул принциптерди өнүктүрүп, күчтөндүрсөк – эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалы бекем болуп глобализация, интеграция заманында ири мамлекеттердин геосаясий курмандыгына кабылбайбыз.

 

Кадырбек ЭШМУРЗАЕВ, Булак: “Майдан. kg” гезити

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить