- Билип-билбей, түшүнүп - түшүнбөй эле өйдө-төмөн талкуу... Жер жүзү ызы-чуу... 

Катуу талкуу болуп жаткан теманын бири - талибдер Орто Азиядагы башка мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга кирип келеби же жокпу? - деген суроо.

Менин жеке оюм: пулемет көтөргөн селде - дамбалчандар басып кирип келбейт, бирок Орусия аларды көрсөтүп "бөө" келе жатат" деп бизди коркутуп, кысым көрсөтүп, биротоло чүлүктөп жетелеп алуу аракетин кылат.

Бирок талибдер Орто Азия өлкөлөрү үчүн өтө чоң коркунуч болуп калганы чындык. Анткени, "талиб" вирусу жуккан, аны менен ооругандар арабызда толтура, ар бир айыл, ар бир шаарда бар.  Афган талиблеринин күч алуусу бул жакка жигер берет, шыктандырат, дүрбөтөт. Кайсы бир шарттарда алар баш көтөрүп,  бир агымга биригип, нугунан чыккан суудай каптап кетүүсү толук ыктымал. Бул реалдуулукту жадыбыздан чыгарууга болбойт.