Экс-депутат Турат Мадылбеков Фарид Ниязовдун бүгүнкү кайрылуусу тууралуу пикирин "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди.

- Фарид Ниязов кайрылуу жасап, Орхан Инандыга кыргыз жарандыгы кандайча берилгенин айтты. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Орхан Инандыга Кыргызстандын жарандыгын берүүдө кандай катачылыктарга жол берилгенин  билбейм. Себеби, тергөө да ачык айткан жок. Жалпысынан кыргыз жарандыгын берүү Фарид Ниязовдун учурунда болгон экен деп эле  айтылды. Бирок жарандыкты сурагандарга эле бериле бербейт. Аны алуунун өзүнүн мыйзамы, эрежеси, мөөнөтү бар да. Орхан Инанды  1994-жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөндөн кийин кыргыз жарандыгын алууга укугу болгон. Эмне үчүн Атамбаевдин убагында алды, мурун эмне үчүн албаганынын себебин мага да белгисиз. Мүмкүн Орхан Инандынын артынан бир канча түрк жараны кыргыз жарандыгын алып алгандыр. Мүмкүн ошол жагынан калпыстык кеткендир. 

- Бирок, айрымдар бийлик өз былыгын жабуу үчүн чек арачыларга жана Фарид Ниязовго кылмыш ишин козгоп жатат деп жатышат го?

- Жөн эле кылмыш ишин ача беришпесе керек. Анткени, УКМК кылмыш ишин козгосо анын туура, туура эмес козгогонунан көз салып тура турган Башкы прокуратура бар. Тагыраагы, прокуратура  туура жоопко тартып жатабы же иш козгоого кандай далилдер менен козгоду - ошонун баарына көз салып турган орган. Мынча кылмыш иши козголуп жаткандан кийин балким, кыргыздарга көнүмүш болгон адаттын кесепети тийип жатабы деген ойго да жетеленип жатам. Себеби, бизде жарандыкты алууда же башка иштерди жасоодо жогорку кызматтагылар кол алдындагыларга көрсөтмө, буйрук берип, мыйзамды бузуу жолу менен чечимдерди кабыл ала берет. Мүмкүн Орхан Инандынын жарандык алганы ошондой болгондур. Ошон үчүн кыргыз жарандыгын  мыйзамсыз алган деген маалымат  тарап жаткандыр.  

Эмнеси болсо да Орхан Инанды  уурдалгандан баштап, ИИМ далилдерди чогулткандыр. Анткени, кимдер уурдаганын коомчулук ачык билгиси келет. Түркиянын атайын кызматы өздөрү келип, Орхан Инандыны алып кете  албайт. Аларга өз алдынча иштөөгө мыйзам жол бербейт. Бул жерде чек ара кызматкерлеринен тышкары дагы аралашкандар болушу мүмкүн. Мүмкүн кылмыштуу топтун мүчөлөрү чоң каражаттын жардамы аркылуу уурдап, атайын кызматка өткөрүп берип, чек арачылар да өзүнө тиешелүү акчасын алып, өткөрүп жибергендир.