"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болоору тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Андагы маалыматтарга таянсак, Текебаевге элчи болуу сунушу түштү жана талап кылынган документтер чогултулуп, Германияга кароого жиберилди. 

Эске салсак, учурда бул жооптуу кызматты Эрлан Абдылдаев аткарууда. Ал Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп 13-майда дайындалган.