Экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков "Саясат. kg" маалымат порталына Фарид Ниязовдун кайрылуусу тууралуу пикирин билдирди.

- Бейшенбек мырза, Фарид Ниязов  "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүү боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу кайрылуу жасап, өзүнө тагылып жаткан айыпты негизсиз жана укуктук жактан сабатсыз катары баалап, саясий куугунтуктун уландысы деди го?

- Кыргызстандагы бийлик 30 жылдан бери жарандык, паспорт берүүнү бизнеске айлантып алган. Алсак, Меккеге барган 100дөй уйгурлар, грузин карасы, дүйнөлүк дээңгелдеги мафиозниктер, коррупциянерлер, эл аралык издөөдө жүргөндөр, өз өлкөсүнөн качкан качкындарга кыргыз паспортун сатышып жатып Кыргызстан "проходной двор" болуп калды го.

Фарид Ниязов укуктук жактан эң биринчи өзү сабатсыз. Сабаттуу болгондо биринчи Орхан Инандыны Түркиянын  жарандыгынан чыгарып туруп, анан биздин жарандыкты беришмек. Ал кош жарандык кылып, Кыргызстандын да жарандыгын берип койгон. Ушинтип Ак үйдө отургандар чет элден келген шпиондорго жарандык бере берсе эмне деген мамлекет болобуз, мындай жол менен "Талибан" кирип келип мамлекетти басып алса эмне кылабыз? Жок дегенде жарандык берүүдө алды - артыбызды карасак болот эле.
Бизде 5 жыл сайын бийликтегилер камалат. Камалганы эле саясый куугунтукка кабылдым деп чыгышат. Чынында бул сөз "местный стандартка"  айланып эл көнүп калды. Ошон үчүн анын саясий куугунтук дегенин өзүн  актоого аракет кылганы деп түшүнөм.