Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети “Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча иликтеп-изилдөөлөрүнүн алгачкы жыйынтыктарын чыгарды. Ал жыйынтыктарга ылайык, алтын кенин канадалыктарга иштетүүгө берүүдө улуттук кызыкчылыктарга каршы иш жасашкандыктары үчүн Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев, экинчи президенти Курманбек Бакиев, анын баласы Максим Бакиев, 1991-1998-жылдары премьер-министр болуп иштешкен Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов, “Кыргызалтындын” ошол убактагы жетекчиси Дастан Сарыгулов, Мамлекеттик геология жана кендерди пайдалануу агенттигинин директору Капар Курманалиев, инвестордун өкүлү Андрей Сазанов, директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев күнөөлүү деп табылды. Булардан сырткары, мурда премьер-министр, биринчи-вице-премьер-министр болуп иштеген Өмүрбек Бабанов, Тайырбек Сарпашов, Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарынбаев, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган бир нече экс-депутаттары кармалышса, алардын ичинен тергөө менен активдүү кызматташкан бир нечеси үй камагына чыгарылышкан.
12-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш “Камеко” менен түзүлгөн келишимдин шарттарына каршы 3 ирет токтом чыгарган, акыркы жолу аны 1994-жылы 26-майда караган. Бирок, ошол убактагы президент Аскар Акаевдин жана премьер-министр Апас Жумагуловдун кысымы менен парламенттин позициясы эске алынбастан долбоор ишке ашырыла баштаган. Ал убактагы келишимге ылайык, “Камеко” алтын комбинатын куруп, техникаларды сатып алуу үчүн алган 460 миллион долларлык кредитинен үстөктөрү менен бирге кутулгандан кийин “Кумтөр” алтын комбинаты толугу менен Кыргызстанга өтүп, канадалыктар кирешенин 33 пайызына гана ээ болору каралган. Бирок, 2003-жылы “Камеконун” ордуна кирешелерди кайра бөлүштүрүү максатында “Центерра” түзүлүп, ошол жылы 31-декабрда премьер-министр Н.Танаевдин колу коюлган келишим боюнча Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү 67 пайыздан 33,33 пайызга азайтылган. Андан кийинки жетекчилердин убагында “Кумтөр” боюнча келишим бир нече жолу каралган менен толук Кыргызстандын кызыкчылыктарына ылайык келтирилген абалга же жок дегенде үлүшү 67 пайызга жеткирилген эмес. Канадалыктардын кызыкчылыктарын коргоп, сүрөөдө Кыргызстандын жетекчилеринин, депутаттардын көпчүлүгү өлкөбүзгө чыккынчылык жасаганга тете иштерди кылышкан. Мында биринчи президент Аскар Акаевдин күнөөсү абдан чоң экендигин баса белгилей кетүү зарыл. Анткени, ал мамлекетти башкарып турганда 1994-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, “Кумтөр” карыздарынан кутулгандан кийин Кыргызстанга өткөрүлгөн эмес, ал эми 2003-жылы 31-декабрдагы өлкөбүздүн “Кумтөрдөгү” үлүшүн 33,33 пайызга түшүрүү жөнүндөгү келишим ачыктан ачык чыккынчылык болгон. Ага премьер-министр Николай Танаев кол койгон, бирок мамлекет башчысынан көрсөтмө болбосо, ал андай ишке батынмак да эмес. “Центерраны” түзүүнүн, аталган келишимге кол коюунун аркасында Аскар Акаевдин аябагандай чоң коррупциялык кызыкчылыгы болгондугу же ал келишим үчүн 400 миллион доллар алгандыгы айтылып, жазылып жүрөт, бирок ал алигече так далилдене элек. Бирок, чоң жекече кызыкчылыктары болбосо мээсинен айныган президент деле андай шартка макулдук бермек эместиги да чындык.
Эксперттер “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдө эң башынан чоң жаңылыштык кетирилгендигин же үлүштөр өндүрүлгөн алтындын көлөмүнө карата эмес, таза кирешелердин суммасына карата аныкталып калгандыгын айтып келатышат. Эгерде келишим өндүрүлгөн алтындын көлөмүнө жараша түзүлсө, алдаганга, көз боёмочулукка жол берилбейт эле. “Мынча тоннасы силердики, мынчасы биздики”- деп эле так аныктап алышмак. Ал эми таза кирешелерди жасалма жолдор менен каалаганча азайтса боло тургандыгын эсеп-кысаптан кабары барлардын бардыгы билишет. Ал максатта “Центерранын” жетекчилери май токочторду да Канададан атайын учактар менен ташытып келишкендиги убагында көп жазылган.
Ошентип, УКМК иликтеп-изилдөөлөрдүн алгачкы жыйынтыктарын чыгарса, Башкы прокуратура “Центерра” менен түзүлгөн келишимдердин бардыгын жокко чыгаруу жөнүндө расмий сунуш берди. Ал “Кумтөр” улутташтырылат дегенди билдирет. Эми Кыргызстанга эң кеминде 3 миллиард доллар (болжолдуу эсеп боюнча) зыян келтиргендердин баардыгы ким экендиктерине карабастан мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылуулары зарыл. 3 миллиард доллар Кыргызстандын бир жылдык бюджетинен да көп. Ал акчага Камбар-Ата -1, 2 ГЭСтерин куруп бүтөрүп, энергетикалык көз карандысыздыгыбызды толук камсыз кылсак болмок. Бирок, өз кызыкчылыктарын гана ойлогон ачкөз саткындардын чыккынчылыктарынан ал мүмкүнчүлүктү да колдон чыгардык.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити