- Рамазан агай, Саакашвили “талибдер  муну менен токтоп калбайт, талиптердин кийинки бутасы Борбор Азия болот" дептир. Анын сөзүндө негиз барбы?

- Саакашвили тажрыйбалуу, билимдүү саясатчы. Ошондуктан, аны Европа, Америка колдойт. Грузияда эң жогорку деңгээлдеги коррупцияны тазалады жана мамлекетти кыска убакытта жакшы жолго сала алды. Ошон үчүн анын айткандарына  ишенсе болот. А талибдерге ишениш кыйын. Кандай болоорун келечек көргөзөт. Анткени, талибдер Америка менен сүйлөшүп, сөзүнө турган жок. Америка кетери менен баарын басып алды. 20 жылдан бери түзүлгөн элдин үмүтүн талаага кетирди. Аялдар, интеллигенциянын үмүтү таптаза кыйрады жана эски калыбына келди. Жогоруда сөз кылган  укуктар жок болду. Эл качууга мажбур болуп жатат. Кыскасы, "Талибан" кыймылы кандай мамлекет кураары белгисиз. Элдин келечеги бүдөмүк. Баары  караңгылык жолго түшүп жатат. Эми огобетер баңгизатын сатуу, алып өтүү күчөйт. Өкүнүчтүүсү, баңгизат Орто Азия аркылуу өтөт. Анткени,  Афганистандын экономикасы баңгизат менен тыгыз байланышкан. Ошон үчүн экономиканы көтөрүүнүн башка жолун "Талибан"  билбейт. Ушунун баарын эске алганда Саакашвилинин айтканында негиз  бар.

-  Афган трагедиясы геосаясый кызыкчылыктардын кармашы десек болобу?

- Афган трагедиясына аралашкандар көп, бир эле Пакистан эмнени билгизет. Пакистан ядерлүү өлкө, алар өзүнүн таасирин күчөткүсү  келет. Ал турсун  дүйнө жүзү күрөшкөн Ислам республикасынын курабыз деген агрессорлор дагы "Талибанга" тымызын аралашып кетишкен. Алар дагы  кек сактап жүрүшөт. Ыңгайы келсе, өч алгысы келет. Кыскасы, бул жерде геосаясат, ички саясат баары бар.

- Талибдердин ийгиликке жеткени башка террордук уюмдарды активдештирбейби?

- Эми айрым террордук уюмдар активдеше башташат. Ал турсун  Орто Азияга да келиши мүмкүн. Кээ бирлери өч алганга  аракет кылат. Себеби, "Талибандарды" коргоп келген кээ бир державалар алар менен ойной  баштады. Мисалы, Кытай талибдердин бийлигин  тааный турганын билдирди. Ошентип, Кытай ички проблемасынан аларды сүрүп чыккысы келип жатат.