- Турсунбай агай, Акаев Кыргызстанга келип, "Кумтөр" боюнча сурак берип, сенсация болуп жатат. Ал тергөөгө жардам бериши керекпи же негизги айыпталуучу катары суралышы керекпи?

- Аскар Акаев Кыргызстандан качып чыккандан бери Орусиядан аны сурай албай жүрүштү. Мына эми президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен алдын ала сүйлөшүп "Кумтөр" боюнча тергөөгө жардам бергени келиптир.
Таң калыштуусу, "Кумтөр" менен биздин өлкөгө башынан адилетсиз болгон келишимди кеңешчиси Бирштейндин бир ооз сөзү менен түзгөн өзү, ал келишимге каршы чыккан премьер-министр Насирдин Исанов табышмактуу каза болот, кийинки премьер-министр Турсунбек Чыңгышев ЖКнын сессиясында «азыр ушул көк папкедеги сыр болгон документтерди ачыкка чыгарамын!» деп А.Акаевди коркуткан. Теңдешсиз келишимге каршы чыккан легендарлуу парламентти тоскоол болбосун деп 1994-жылы А.Акаев таратып салган!

Ошон үчүн «тергөөгө жардам бергени» эмес, а негизги айыпталуучу адам катары суралышы керек. Кийинки президенттердин убагында байып кеткен коррупционерлер УКМК менен келишим түзүп, уурдаганын бир бөлүгүн төгүшүп, эркиндикке чыгып кетип жатышат. А.Акаев Кыргызстандагы коррупциянын анабашчысы. Мамлекеттик, кооперативдик, коомдук менчиктерди прихватташтарып биринчи байыгандар да Акаевдин макулдугу менен анын тушунда болушкан. Ошондуктан, «Аскар Акаев тергөө менен кызматташып, өзүнүн жан - жөкөрлөрү менен кошо Кыргызстандын бюджетине 2 миллиард доллар кайтарды» деген кабарды күтөмүн.

А.Акаев бир эле "Кумтөр" маселеси эмес, а башка маселелер боюнча да жоопкерчиликке тартылыш керек. Биринчиси, коррупциялык схемалар негизинде мамлекеттин жана элдин менчигин прихватташтыргандыгы үчүн;

Экинчи, коррупциялык схема негизинде чек ара жана бажы кызматтар аркылуу мамлекеттик казынага миллиарддаган зыян келтиргендиги үчүн;

Үчүнчүсү, коңшу өлкөгө Үзөнгү-Куш жана Кыргызстандын бөлөк жерлерин берип салгандыгы үчүн;

Төртүнчүсү,  ага каршы чыккан аксылыктарды атып өлтүрткөндүгү үчүн;

Бешинчиси, бирдиктүү мамлекеттик энергосистеманы талкалап, ал тармакты үчкө бөлүп, акционердик коомдордун ээлеринин карамагына өткөрүп бергендиги үчүн;

Алтынчысы, бирдиктүү авиатармакты талкалап, "Кыргыз аба жолдорун" үч акционердик коомдорго бөлүп, орду толгус зыянды алып келгендиги үчүн;

Жетинчиси,  шайлоо системасына коррупциялык схемаларды киргизип, Конституцияны жана мыйзамдарды одоно бузуп, президенттик шайлоолордо өзүнө, парламенттик шайлоолордо өзүнүн тарапкерлерине «жеңиштерди» камсыз кылып, бийликти узурпация кылгандыгы үчүн;

Сегизинчи, коррупцияга каршы күрөшкөн көз карандысыз экономист Шералы Назаркулов, Жогорку Кеңештин депутаты Сатыбалды Жээнбековдордун өлүмдөрү үчүн; 

Тогузунчусу, 1999-жылы Баткен согушунда Өзбекстан Ислам Аракетинин (ИДУ) можахеддеринин туткунунан жардамчым Темиров Нуриддин экөөбүз бошоткон жапон жарандары үчүн Жапониянын Өкмөтүнөн 3 миллион долларды жан - жөкөрлөрү жана Тажикстандын министри, талаа командири менен кошо алгандыгы үчүн.

Бул коюла турган айыптардын бир кичинекей бөлүгү гана. Тергөө жүрсө башкалардан да, өзгөчө Акаев режимине каршы турган оппозициячылардан да суроолор жаайт. Ошол кездеги оппозициядагы депутаттардан үчөө гана суроо бере алышпайт: ырааматылык Сатыбалды Жээнбеков, Дооронбек Садырбаев, Жыпар Жекшеев. Калган онубуз барбыз, Кудайга шүгүр...

- Бакиев келсе да ага да ушундай дооматтарыңар болобу же?

- Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, анын да дарегине айта турган сөздөр бар.