- Валентин Богатыревдун оң-тескери пикирлерине маани берүүдөн  мурун анын ким экенине маани беришибиз керек. Мен билгени   Богатырев деген өзүн саясат талдоочу катары алып жүрөт. Аны "сырткы күчтөрдүн Кыргызстандагы агенти" деп да койсок болот. Анткени, бул Акаевдин убагында ага кеңешчи болуп, анын да башын жуткан. Бакиевге кеңешчи болуп, аны да аңга түрткөн. Кыскасы, келген бийликти каалагандай калчап, кеңеши менен таш-талканын чыгарган киши. Таң калганым, баары ошол айткандай болуп турган. Акыркы он жылда бул киши НКР деген  комдук уюм ачып, Исанов - Бөкөнбаев көчөсүнөн кеңсе алган. Ошол уюму менен шайлоого катышкан чоң партиялар менен  иштешип келген. Парламентке барам деген партиянын баары Богатыревдун көзөмөлүндө болгон. Ошон үчүн ким кайда болоорун, бир партиядан канча киши парламентке бараарына чейин кийлигишип жүргөн. 

Бул түпкүлүгүндө Кыргызстанга жакшылык каалабайт. Ошон үчүн анын 500 элитаны тарбиялап чыгарабыз деген сунушу да суу кечпейт. Анткени, булар эч убакта улуттук лидерлерди чыгарбайт. Булар эл арасындагы улуттук лидерлерди басмырлап жок кылып, бийликке арамза, митайым кишилерди алып келүүгө аракет кылат. Ошон үчүн кыргыз сяасатына кийлигишип, улуттук лидерлерди жок кылып, алардын ордуна элин, жерин саткан кишилерди алдыга түртүп келген. Мухтар Өмүракунов уюштурган “Замандаш” партиясынын парламентке өтүп кете турган мүмкүнчүлүгү чоң болсо да,  Богатыревдун командасы өтө коркунучтуу күч болгон. Мухтар Өмүракунов алардын планын бузганы үчүн, анын электораты көп болгон үчүн аны  жок кылышкан. Анткени, Өмүракунов булардын планын бузмак. Аны колдогон электораты көп болчу. Ал каза болгондон кийин Жеңиш Молдокматовду “Замандашка” алып келишти.  Богатыревдин сунушу менен Жеңиш Молдокматовду алдыга сүйрөй башташты. Алардын колдоосун сезген Жеңиш Молдокматов Айыл чарба министрлигин иштебей жатасыңар деп зекиген.  Богатыревдун күчү чоң экенин билгизиш үчүн ал жыйынды телеканалдарга, гезиттерге чыгарышкан. Кыскасы, Жеңиш Молдокматовдун атагын чыгарыш үчүн ушундай ыкмаларды ойлоп табышкан. 

Азыр Молдокматовду камап коюшту. Чын чынына келгенде Жеңиш Молдокматовдон күчтүү сүйлөгөн, бийликти сындаган балдар бар. Аларды эмес, Жеңиш Молдокматовду камашып жаткандарында дагы чоң сыр бар деп ойлойм. Анткени,  Богатыревдун командасы кыргыз эли камалган, азап-тозокту көргөн кишилерди жакшы көрөт деп билип калган. Мүмкүн Жеңишти ошондой максат менен каматышы да мүмкүн. Мен Жеңиш  Молдокматовду аяп  жатам. Анткени, ал таштак жол менен асфалт менен кете берем. Артымда  Богатырев бар деп ишенип алган. Эми канчалык күчү бар экен деп сынап отурушат да. Эгер сынбаса, кийинки президенттикке Жеңиш Молдокматовду алып чыгышы мүмкүн.