Өткөн жылдын октябрь окуяларынан кийин президент Садыр Жапаровдун аракети менен мамлекетибизде бир топ чечкиндүү иштер жасалып жаткандыгы коомчулукта жакшы үмүт жаратууда. Өлкөбүздө туруктуулук сакталып, коррупцияга каршы күрөш кыска аралыкта жогорку деңгээлге жеткендиги, "Кумтөр" алтын кенинин кыргыз өлкөсүнө өткөрүлүшү, дүйнөлүк вирус оорусу да Кыргызстанды каптап, каржылык абалыбызга чоң сокку уруп жаткандыгына карабастан социалдык кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлгөнү азыркы кыйынчылык шартта колдоого татыйт.
Быйыл өлкөбүздүн өз алдынча түтүн булатып, эгемендүүлүктү алганына 30 жыл толду. Тарыхый датага айланган 31-август күнү ошол кездеги “легендарлуу парламент” тарабынан Кыргызстандын “Көз карандысыздыгы жөнүндө” декларациясы кабыл алынган. Муну менен дүйнөнүн саясый картасында жаңы эгемендүү Кыргыз Республикасы пайда болгон. Өткөн жылдары тарых ченеминде көз ирмем болсо да жаш кыргыз мамлекети өтө оор, опурталдуу жолду басып өтүп, калыптанып, түптөлүп, дүйнө коомчулугунда өзүнүн татыктуу ордун ээлей алды.
Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев эгемендүүлүктүн алгачкы 15 жылында өлкөнүн башында туруп, белгисиз республика аталган кыргыз элин, жерин бүт дүйнөгө таанытты. Учкай эле айтканда, мамлекеттик атрибуттар жана улуттук валюта сомдун кабыл алынышы, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушубуз, эгемен өлкөдө демократиялык коом калыптанып, рынок экономикасынын түптөлүшү, постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен эң ийгиликтүү жер жана агрардык реформанын жүргүзүлүшү, айкөл Манас атабыздын 1000 жылдык мааракеси, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Тоолор жылы, Ош шаарынын 3000 жылдык юбилейи, көп улуттуу өлкөбүздө ынтымак, достук мамилелер чыңдалып, мааниси зор иш-чаралар БУУ, ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдардын колдоосунда дүйнөлүк деңгээлде өткөрүлүшү, кыргыз мамлекетинин бир кездеги жетекчиси, өлкөбүздүн түптөлүшүнө салымы зор Исхак Раззаковдун сөөгүн мекенибизге алдырып, ызаат менен Ала-Арча кабырына койдуруп, келечек муунга үлгү көрсөткөнү сыяктуу улуу иштер Аскар Акаевдин жемиштүү эмгегинин натыйжасы.
Туңгуч өлкө башчы катары Аскар Акаевдин эгемен өлкөбүзгө жумшаган опол тоодой эмгектерин тарыхтан чийип салуу мүмкүн эмес. Ошентсе да, соңку 16 жыл ичинде Кыргызстанда айрым жүзү кара саясатчылар, ар кандай аферисттер Аскар Акаев боюнча миң түркүн ушактарды тараткандан уялбай, чарчашпай, караөзгөй “обондорду” тынымсыз созуп келишти. Аныгында алардын бирөөсү да факт менен тастыкталып, чындык болуп чыкпады.
Учурда "Кумтөр" долбоору боюнча Аскар Акаев өз укугун коргоо, түрдүү ушак-айыңдарга чекит койуу үчүн өлкөбүзгө келди. Туңгуч мамлекет башчыбыз үчүн мекенге келишине жол ачып, өз чындыгын жарыялоого шарт түзүп бергени үчүн биз президент Садыр Нургожоевич Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз жана алдыдагы иштерине албан ийгиликтерди каалайбыз. Ошону менен бирге тергөө иштерине өз эрки менен келген Аскар Акаевге байланышкан иликтөө амалдары адилеттүү, мыйзам чегинде жүргүзүлөөрүнө ишеним артабыз.
Чүй облусунун Кемин районунун элинин атынан:
“Кемин ынтымагы” коому;
Кемин районунун аксакалдар кеңеши;
Кемин районунун аялдар кеңеши;
“Шабдан баатыр” фонду.