Жашоо күрөш...

Камчыбек Ташиев… Акыркы жылдарда кыргыз саясий айдыңында өтө карама-каршылыктуу көз карашты жаратып келген саясий фигура катары элдин элегине түштү. Ал улуттук саясатта көп жылдар бою активдүү позицияны ээлеп, өзүнүн ординардуу эмес ойлору, көз карашы менен гана эмес, кээде жигиттик курч мүнөзү менен да топ саясатчылардан айырмаланып, акты ак, караны кара деп айтканы, эмоционалдуулугу, ошол эле учурда саясий позициясы эч бир рамкага сыйбай келет.

Албетте, саясатчынын күтүүсүз, агымга каршы келген мүнөзү, ичине кир жашырбай ачыкка чыгарганы, оюн онго бөлбөй эч кандай саясий дипломатиянын эрежелерине байланбай карскурс жүргөнү кээ бир учурда саясатчыга упай алып келбей, ага тескери маанайды жаратышы да ыктымаал.

Тескери дегенде кандай?.. Мындай кырдаалда анын оппоненттеринин ар кандай кызуу “трактовкасына түшүп”, аларга каршы пикир туудурунун ыңгайы келгендей ызылдап калат. Ар бир айтылган сөз - ок, бул ойду Камчыбек Ташиевдин саясий мүнөзүнө карата айтса болоор эле. Ал эң башкысы кээде “темирди кызуусунда” басып, ортого жем таштап койсо, ошол эле учурда чагылгандын огундай болгон сөзү менен айрым оппоненттерди “шок” абалына алып келиши мүмкүн.

Мындай саясий типаж, мындай саясий ишмер кыргыз саясий айдыңында сейрек кездешкен көрүнүш. Бул мааниден алганда, кайсы бир моменттери менен Камчыбек Ташиев Бекмамат Осмоновдун эр мүнөзүнө үндөшкөн, ошол эле учурда карапайым элдин кеңири катмары колдогон, алардын зор ишенимине ээ болгон личностун портретин жаратып келет. ..

Саясий харизма - бул “мен саясатчымын” деген адамдын өзгөчө сыпаты. Ушул критерий, эң оболу өзүнүн позициясы, өзүнүн мүнөзү, көз карашы, дүйнө таанымы, ал гана эмес адамдык батыл сапаты да көп учурда анын кулк-мүнөзүн ачыктап турат.

Күрөштөн курчуган мүнөз...

Камчыбек Ташиев жөнөкөй үй-бүлөдө тарбияланып, Россиядан билим алган, катардагы адамдардын типтүү мүнөзүнө үндөш өз мезгилинин адамы болгону менен, ал бу турмушта өзүнүн “Менин” далилдөө үчүн, жеке ички потенциалын сыноо жолун издеп, турмуштан өз жолун табууну көздөгөн миңдеген жаштардын бири эле. Ал эгемендүүлүктүн жылдарында анын эйфориясын гана эмес, анын катаалдыгы менен татаалдыгын өз жон терисинде сезген муун өкүлү. Турмуштан өз жолун тандоо же табуу эң алды адамдын инсандык мүнөзүнө көп учурда таандык сапат.

Ал Жалал-Абад чөлкөмүндө бизнес чөйрөсүнө аралашып, бизнестин ары татаал, ары машакаттуу жактарын өз көзү менен көрүп, кыйынчылыкты да, алгачкы ийгиликти да көргөн жагы бар. Утулду, утууга аракет кылды, жаңылды, катасын оңдоого умтулду, бирок өзүнүн өжөр мүнөзү, мээнети аркылуу бу чөлкөмдөгү эл оозуна алынган инсан катары таанылды. Алгачкы капиталын жыйнады; кара эмгек менен, маңдай тер менен... Артында жөлөгөн мыкчыгер тууган-туушканы жок, карапайым үйбүлөнүн баласы катары бардык кыйынчылыктарды өзү чечти, өзү аракет кылды.

Камчыбек Ташиевдин жаш кезинен жүрөгүнө кыттай орногон сапат бул - эмгек, мээнет, кара жанды карч урган аракети. Дыйкан атасынын түйшүгүн эрте колдон алып, эмгектин культун эрте сезген муун өкүлү. Совет системасы кулап, эркин өлкөнүн ортосундагы өткөөл мезгилде жашаган ар бир адамдын өзгөчө мүнөзү бар. Ал мүнөз эки системанын, өткөөл мезгилдин алкагында жана ортосунда калыптанган мүнөз. Эскиден кол үзө албай, жаңыга батыл киришип кете албай чайналган муундардын дээрлик бир армиясы ошкездерде өзүнүн турмуштук ориентирин жоготуп, алдастап калганы да көптөгөн проблемаларды жараткан.

Бу - биринчи кезекте жумушсуздук. Экономикалык каатчылык. Орто жолдо өз тагдырына өзү берилген адамдардын көпчүлүгү ар кандай жолго урунуп кетти. Позитивинен негативи көп мезгил эле. Эчендеген мекендештерибиз турмуштун, жашоонун айынан алыска “өз токочун табууга” аттанды. Россияга, Казакстанга жол алды. Ал кезде Россиядан билим алып, ал тараптын кыялмүнөзүн, шартын жакшы билген Качыбек Ташиев өз жеринде калып, эл менен бирге бардык машакатты чогуу көрүү жолун тандап алды. Жеке демилгеси менен кичи ишкана ачып, бизнестин алгачкы азбукасы менен шугурланды... 

Элдин ишеними...

1993-жылы Барпы айылында “Мээрим-Ай” өндүрүштүк- коммерциялык фирмасын уюштуруп, өз ишмердүүлүгүн таптакыр жайдак жерден баштады. Алгачкы аракеттери оң жыйынтык бере баштады, ал агымга карай сүзүп, өз айылында оозго алынды. Кийин көп өтпөй кулачы кеңири жайылып, “Томас” фирмасын негиздеди, алгачкы АЗСтарды Жалал-Абад чөлкөмүндө куруп, өз күчү менен аймактын эң маанилүү маселелерин чече баштады. Камчыбек Ташиевдин аракетине эл ишене баштады. Акырындап, алгачкы капиталдын пайдубалын жаратып, Жалал-Абадда ишкер катары гана эмес, меценант катары да төбөсү көрүнүп, тунгуч спорт клубдарды ачып, маданий иштерге демөөрчүлүк жасоону, элдин, айрыкча колунда жок, карпайым элдин социалдык көйгөйүн чечүүгө белсенип киришти. Көпчүлүк назарына түштү.

Бул фактыларды эмнеге айтып жатабыз?

Анын негизи эмнеде?

Камчыбек Ташиев кайсы бир мыкчыгер атасынын, тууганынын колдоосу менен капитал жаратып, же бюджетке суук көзүн арткандардын “сүймөнчүк эрке талтаңы эмес”, нукура турмуштан кайнап чыккан... Элдик мүнөз, элдик адам, элдик киши сапаты ушул кездерде калыптанган. Ал кез анын адамдык потенциалын ачууга, өзүнүн даремети менен, өзүнүн күчүнө ишенүүгө болгон сезимди ойготкон.

Ишкер чөйрөдөн чоң саясатка аралашуу ошол кездин “саясий модасына” айланып, каражатка туйтунгандардын көпчүлүгү саясий аренага жол издей баштады. Айрымдар байлыгына ишенип Жогорку Кеңешке депутат да болду. Мына ушул мезгил кыргыз олигархтарынын бийликти узурпациялоо процессине туш келген мезгилдер эле.

Акаевдик башкаруудагы өлкөдө саясий мораль деградацияланып, “пулум болсо улуумун, пулуң болсоң кулуңмун” деген психология коомду кадимкидей ээлеп алып, акырындап демократиянын дубалы урай баштаган. Бир жолку маегинде Камчыбек Ташиев Чыңгызхандын принцибин жогору баалайм деп айтканы бар.

Бул сөз да бекеринен айтылбаган чыгар.

Чындык бузулган жерде – бийлик бузулат...

Тарыхта ар бир адам сабак алаар улуу адамдар бар. Чыңгызханды кумир туткан да, жек көргөн да адамдар аз эмес. Камчыбек Ташиевдин кайсы сапаты өзүнүн кумирине ыктап кетет?.. 

Чыңгызхан – ири стратег, аскер полководеци, темирдей мүнөзү, эч майтарылбас эрки күчтүү инсан. Атактуу Чынгызхандын тарыхый феноменин эч ким тана албайт, бирок анын стратегдиги өзгөчө бааланып келет.

“Максат койдуңбу жет, максатсыз адам сокур”- дегендей, бу сапатты тутунган Камчыбек Ташиев да бир гана максатка, элге кызмат кылууга өмүрүн байлаган ниети бар эле. Темирди курчуткан сайын күчү ашат, курчуткан сайын чыңалат.

Так ушундай эле... Ташиев да саясат босогосунда курчуду. 2000-жылдары биринчи жолу элдик адам катары аны жакшы билген, баалаган адамдар Жогорку Кеңешке депутаттыкка көрсөтүп, аны сүрөп чыкты. Ал ошол жылы чоң жарышка түшүп, элдин колдоосун алып, өзүнүн элдеги жеке кадырбаркы жогору экендигин сезген эле. Арийне, Камчыбек Ташиев ошокездеги бийликтин арыгын чаап, анын кол жетегинде калбай турган инсан экендигин шайлоочулар менен болгон жолгушууларда курч деми, мурч сөзү, терең ою, максаты, конкреттүү маселелери менен өзүнө имерип алды.

Электорат дээрлик Ташиев тарапка ооп кетти. Албетте, бийликтин буга ичи тарып, кандай жол болсо да тоскоолдук көрсөтүп, жарыштан сүрүп таштоо жолун издеди. Эл ага деле болбой, жүрөгүндө жалы бар жигитти колдоп туруп алды.

Рейтинги өсүп, карапайым эл Камчыбектин депутаттыкка өтөрүн бөркүндөй эле көрүп турду. Бийликтин кара пиары да, кыянатчылыгы да, элди сатып алып, жолдон чыгаруу да этекеге арзыбай калды. Жогортон буйрук келип, өз талапкерин өткөрүүнүн мехнизми мамлекеттик машина тарабынан жүргүзүлө баштады. Коркутуп-үркүтү башталды. Бизнесине чоң залака келтирүү да айтылды. 

Бирок, чындык жолунан кайтпаган Ташиев аягына чейин кебелбестен, мунун баарына чыдады, каршы турду, күрөштү. Айласы кеткен бийлик төбөлдөрү шайлоону фальсификация кылуу жолуна өттү. Көз көрүнөө добуштарды уурдоо, кысым көрсөтүү башталды.

Шайлоо күнү элди сатып алуу болуп көрбөгөндөй нукта жүрдү. Бирок, бийликтин буулганыч технологиясына карабастан, анын таламдаштары, тарапташтары өз катарын суюлткан жок. Эмне болсо да жеңишке жетүүнү ойлогон жергиликтүү бийлик адамдары шайлоо участокторунда фальсификация жүргүзүүнү колуна алып, админстративдик ресурстун күчүн эбегейсиз колдонуу жолу менен, арзыбаган гана добуш менен “жеңип” чыкты.

Мындай окуялар Кыргызстандын көп жерлеринде болду. Жалал-Абада да бул технология да араанын ачып коюп иштеди. Жыйынтыгында эл колдоп, ишеним арткан адамды элге көрсөтүп туруп эле жарыштан сүрүп салды.

Чындык бузулган жерде – бийлик бузулат

Ушул сөз, ушул чындык анын адамдык ариетине катуу тийип, элдин таламын, чындыктын таламын көздөп Ташиев тагдырын саясатка, элдик саясатка арнамак болду... Адилетсиздик орногон жерде чындыктын күрөшү башталат... 

“Коркосуңбу - жасаба, жасайсыңбы -коркпо!”

 “Коркосуңбу - жасаба, жасайсыңбы - коркпо!” деген атактуу Чыңгызхандын сөзү ага максат артты, бардык ишенбөөчүлүктү артка таштап, өзүнүн турмуштук, жашоо багытына ишеним жаратып, бардык эшиктин ачкычы ишенимде, эң оболу өзүңө болгон ишенимде экендигин дагы бир ирет далилдеп бергендей болду...

Саясат... Бийлик...

Бу эки сөздү бири-биринен айырмалоо кыйын. Бирок, экөөнүн тең карама каршылыктуу жактары бар. Саясатка Ташиев көчөдөн келген жок. Ал ага турмуштук тажрыйба менен, көкүрөгүндө жанар тоодой кайнап турган духу менен, өз көз караш, идеясы менен келди. Ташиев 1990-жылдагы Ош окуясын, 2010-жылдагы Ош коогалаңын өз көзү менен көрүп, ага түздөн-түз катышып, мекенчилдик сезимин чыныгы аракеттер менен көрсөтө алган, кооз сүйлөбөсө да, өз аракет-кыймылы менен тоодой кыйынчылыкка каршы туура алган, эң башкысы кайсы оор кырдаал болбосун алдыңкы сапта келген саясатчыга айланды.

Саясий мүнөз...

Чечкиндүүлүк. Бу анын адамдык табиятына бүткөн сапаты. Ак көңүлдүк, жөнөкөйлүк да анын дээрине кыттай орногон сапат. Ташиев сөздүн чыныгы маанисинде курч инсан, өтө ички адамдык духу күчтүү инсан экендигин саясаттагы алгачкы кадамдарынан байкалган. Ошол эле учурда ал кимдер-бирөөлөрдүн аркасы же колдоосу аркылуу эмес, эң оболу өзүнө ишенүү жолу менен өз чындыгын ачыктап келген саясатчы. Албетте, саясатта шар жүрүү досту гана эмес, касты да көбөйтөт. Ташиев саясатка парламент аркылуу келүү жолун тандады. Шайлоодо жеңсе да, анын жеңишин эки жолу бийлик уурдап алды, мамлекеттик машина ага каршы иштеп келди. Ташиев бийлик төбөлдөрүнө эмнеси менен жаккан эмес. Биринчи кезекте – мүнөзү, ачыктыгы, акыйкатчылдыгы, чындыктан өйдө ал үчүн эчтеке жок экендигин тастыктаган позициясы.

Ал Жогорку Кеңешке 2005-жылы, “жоогазын революциясынан” кийин келди. Көп аналитиктер анын депутат болуп келишине бакиевдик кландын таасири бар деп боолгоп келген, бул теңирден тескери ой-жорум эле. Анткени, бул клан мүмкүн болушунча бу аймакта таасири күчтүү жаш саясатчыны өздөрүнө имерип, айрым учурда саясий карама-каршылыктарда пайдалануунун деле ачыктан ачык болжоп келген.

Ташиев орустар айтмакчы “своенравный” мүнөзү менен алардын таасиринде калган эмес, тескерисинче бу клан ага өзү ык тарткан учурлары көп эле болду. Жогорку Кеңешке, чоң саясатка келип, активдүү позицияны ээлей баштады. Парламенттеги карт бөрүлөр менен ымалашып да кетпеди, алардын жетегинде калбады. Бу жерде да ал өз позициясында бекем турду. Жогорку Кеңештин трибунасынан туруп, реалдуу маселелерди айтып жатты. Бийликке тике сүйлөп, конкреттүү ойлору менен бийликке жакпаган позицияны ээледи...

“Позор!” деп ким кыйкырмак?..

Бакиев бийлиги тарабынан даярдалган Баш мыйзамдын жаңы версиясына каршы чыгып, Бакиев эл менен эсептешпей кол коюп жатканда, теле аркылуу тартылып жаткан түз эфирде, өлкөнүн гимни ырдалып турганда, жалгыз өзү “Позор! Позор!” деп, кыйкырып турду. Ташиев башкалардай кол кушуруп бербей, каршы оюн ачык билдирип, нааразылыгын билдирди. Бакиевдик бийликке түздөн-түз каршы чыгууга ал кезде дух керек эле. Ошол протесттик маанайынан улам саясаттын буулганычтыгын, саясатчылардын бузукуулугун көрүп, алардын кош стандарттагы позициясын ичкериден билип, бу саясаттын акыр түбү жакшылыкка алып барбашын ачык айтып чыкты. Бу сөздөрдөн кийин тиреш күчөдү...

Саясатчынын эн башкы касиети – позиция. 2009-жылдары Данияр үсөнов Премьер-министр болуп турганда ал өкмөт жыйынында чындыкты бурмалаган өкмөт башчыны каттуу сындап, “мындай алысты көрө албаган премьер менен жолум бир болбойт” деп, демонстративдүү түрдө отставкага кетерин айтып, эшикти карс жаап чыгып кеткен.

Бу чечимди айрым басма сөздөр анын ашкере эмоционалдуу адам экендигине жармаштырып, өкмөт башчыны калкалоо менен аракет кылса, ал көп этпей эле чыркыраган чындыкты кашкайта айтып салды. Акыйкатта эле бу бийлик көпкө узабай, 2010-жылы кулады. Бакиевдик бийлик аренадан кеткен соң алардын ордун Убактылуу өкмөт ээледи. Ташиев саясатчы катары булардын да позициясын сынга алып, мыйзамдуулукту талап этти.

От кечти, октон жалтанбады...

2010-жылы июнь окуясы, каргашалуу окуя түштүктө жанды. Бийлик да, “мен-мен” деп көкүрөк каккан саясатчылар да эмне кыларын билбей алдырап калды. Трагедия барган сайын кулачын жайды. Бийлик парличи өз пигине жетти. Ошондо, бу каргашаны токтотуп, эки элдин ортосуна от жаккан сепаратисттерге аеосуз күрөштү Ташиев мекенчил инсан катары өз колуна алып, конфиликттин чордонунда болду. От кечти, октон жалтанбады... Эл деген, эл деп жүрөгү соккон адам, саясий чоң орунду ээлебей деле элге күйөрүн көрсөттү.

2010-жылдагы Ташиев башында турган элдик адамдар тууралуу, алардын чыныгы атуулдук эрдигине ушул мезгилге чейин так баа берилбей келет. Ташиев лидерлик сапатын көрсөтүү менен коңулда жаткан дөө-шаа саясатчылардан алда канча мекенчил инсан экендигин бу каргашалуу окуяда көрсөттү...

2010-жылкы окуядан кийинки Жогорку Кеңешке шайлоолордо эл Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков башында турган “Ата-Журт” партиясын колдоп, ишеним көрсөттү. “Ата-Журт” күрөшкө катышкан бардык бийликчил, солчул, оппозицячыл партияларды чаңында калтырып, биринчи орунду ээледи. Бул жеңиште – Ташиевдин ролу чоң болду. Ал өзүнүн нукура мекенчилдик сезимин көрсөтө алды.

Касиет...

Ташиевдин саясатчы катары бир өзгөчөлүгү, ал өзүнүн эл алдындагы сөздөрүндө элге жакын, элдин тили менен, элдин көйгөйүндөгү маселер менен сүйлөйт. Башкача айтканда, анын элге жакындыгы алда канча утуштуу позицияда турат. Дагы бир сапаты каерде сөздүн түпкүрүнө жете сүйлөгөндү, ачууланганды жана ошол эле учурда сылык, өтө сыпаа сүйлөгөндү саясий трибун катары жакшы өздөштүргөн. Бул да саясатчынын бир касиети. Ал көпчүлүк учурда катуу, компромиссиз оюн айтат, көпчүлүк учурда анын бул жагы сынга кабылат, бирок бу позиция көпчүлүк элге жагат. Элдин пульсун кармай билүү да чон саясат...

Саясатта достук эмес, кызыкчылык гана барбы?..

2012-жылы Ташиев Садыр Жапаров менен бирге “Кумтөр” кениндеги афераны ачыктап, Кыргызстан менен Канаданын “Центерра” компаниясынын ортосундагы келишим өлкөнүн кызыкчылгынан жооп бербейт, тез аранын ичинде бу кен иштетүүнү улутташтыруу керектигин талап кылып нааразычылктарын ачык айта баштады.

Элдик нааразы митингдер Ак үйдүн жанында, Ысык-Көлдө, жер-жерлерде өтө баштады. Нааразычылыктын туу чокусуна жеткен Ташиев, Жапаров, Мамытов Ак үйдүн тосмосун ашып түшүп, өздөрүнүн нааразылыгын ушундай формада туюндурууга аракет жасаган. Бирок, атамбаевдик бийлик булардын үстүнөн иш козгоп, депутаттык мандатынан ажыратты. Куугунтукка алынды. Бийлик менен карама-каршы туруу күчөдү.

“Бийликти күч колдонуу жолу менен басып алууга аракет жасоо” деген берене менен Ташиевке, Жапаровко, Мамытовго иш козголуп, сот түрмөгө отургузуу чечимин кабыл алды. Ташиевдин духун темир тор да мокото алган жок. Ал гана эмес, анын үй-бүлөсүн, балдарын кысымга алган аракеттер, мыйзамсыз кыймылдар жасала баштады. Ташиев саясий сахнадан кетпей, жаңы кадамдарды жасап жатты. Ал 2020-жылы Жогорку Кеңештин шайлоосуна оной жолдор турса да, буга чейин элге анча таанылбаган “Мекенчил” партиясын алып чыкты. Бийликке ыктаган партиялардын шайлоо мыйзамдарын одоно бузуп, тоталдык сатып алууларды, буулганыч технологияны пайдалануусу акыры 10-октябрь окуясына алыпт келди. үч жылга жакын өлкөнү башкарган президент Жээнбековдун кызматтан кетүүсү менен бул кризис чечилди. Шайлоолор жокко чыгарылды.

Ошол эле учурда бул кырдаалды өз пайдасына оодарууну каалган реваншисттер митингтер аркылуу бийликти басып алууну жүргүздү. өлкөдө башкаруу кризиси күчөп, мамлекеттик бийлик параличке кептелди. Бул моментти пайдаланып калуу аракетин ар кайсы саясий күчтөр жүргүздү.

К.Ташиев башында турган “Мекенчил” партиясы бул кризисти чечүүгө бел байлап, акыйкатсыз түрмөдө отурган партиянын активдүү лидери Садыр Жапаровду абактан эркиндикке чыгарды. Эл эски бийликке ишенбөө, аны бийликке жакындатпоонун бекем позициясын ээледи...

Октябрь окуяларынан кийин өлкөдө өтө чукул өзгөрүүлөр жүрдү. Бул окуяларды деталдаштырбай негизги этаптуу көрүнүштөрү тууралуу азыноолак сөз кылуунун жагдайы бар. Абактан эркиндикке чыккан Садыр Жапаров өлкөнүн президенти болуп шайланды. Анын досу жана партиялашы Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Бул жерде кыргыз саясатындагы феноменалдык көрүнүштү айтып өтүү парз. Постсоветтик мамлекеттердин арасынан Кыргызстан өзүнүн демократиялык баалуулуктар менен дөөлөттөргө таянган өлкө катары өзүн позиционировать этип,
бийликти тынчтык жолу менен, элдин колдоосу менен орнотту. Биринчи кезекте жаңы бийликке, анын лидерлери Садыр Жапаровго,

Камчыбек Ташиевге болгон ишеним гана бул процессти жандандырды. Өлкөдөгү массалык маалымат каражаттары, социалдык түйүндөр бу эки достун мамилесин чагылдыруу менен саясаттагы кызыкчылык бир гана бийликке карата жүрбөй тургандыгын, андагы адамдык мамилелердин тереңдиги, бири-бирине болгон ишеним көп маселеге эгедер болуп, көп маселени чечээрин далилдеди.

“Абактан чыгып, өлкө башчысы болуу – нонсенс!”- деп эсептеп жүргөндөр, бу жолу тарыхый реалдуулукка өздөрү күбө болду. өлкөнүн тагдыры эки адамга бир канат, бир максатты ыроолоду. Бу жерде Камчыбек Ташиевдин ролу өзгөчө деп айтаар элек. Ташиев адамдык жана саясий достуктун бийик үлгүсүн көрсөтө алды. Бул эки инсандын ортосундагы чыныгы достук өлкөнүн  бакубатуулугуна зор салым кошот.

“Ачуусу чукул, кеги жок”

Ташиев эч качан бирөөнү саткан эмес, достукту жогору койгон, достуктун маанисин терең билген инсан экендигин Садыр Жапаровго болгон адамдык мамилеси аркылуу көрсөттү. Бул – көп адамдарга үлгү боло ала турган касиет... Ташиев ачыгын айтканда, тек гана бийликти сактап гана тим болбостон, өлкөнүн көз карандысыздыгын, сувернитетин сактап калууда башын канжыгага байлап коюп, өзүнүн мекенчилдигин, мамлекетчилдигин, жаратмандыгын көрсөттү. Ташиевдин бу мезгил аралыгындагы аракетине тарых баа берет...

“Ачуусу чукул, кеги жок”  Ташиевдин акыркы мезгилдеги ар бир аракети мамлекеттик кызыкчылыкты баарынан жогору коюу менен жүрүп жаткандыгын калың эл жогору баалап олтурат. Канча президенттер, бийлик коррупция менен күрөшөбүз деп элге тил эмизип, эң оболу өздөрү ошо коррупциянын сазына белчесинен батып кеткендигин турмуш көрсөттү. Ташиев ири мамлекеттик чиновниктерди, мамлекеттин бюджетин өнөгөн акулаларды саясий популизм үчүн эмес, саясий акыйкаттуулук. Саясий чындык, саясий адилеттүүлүк үчүн жеп-ичкенин кайтарып жаткандыгы эгемен өлкөнүн тарыхындагы чоң бурулуш. Жегендер кусуп, өлкөнү тоногондор жооп берип жатат. Чейрек кылымдан бери рак шишигиндей болгон “Кумтөр” маселеси ачыкка чыгып, өлкөнүн кызыкчылыгын көздөө, элдин байлыгын элге берүү аракети реалдуулукка айланды. Мындайча айтканда, эң жөнөкөй принцип - “Кыңыр иш кырк жылда билинет” жаңы бийликтин чечкиндүү мамилесинен улам өзүнүн маанисин ачыктады.
Демек, бу ваханалияга чекит коюу, элдин үстүнөн кайыш тилүү, элдин эсебинен байлыкка туйтунууга Ташиев башында турган улуттук коопсуздук кызматы чечкиндүү чабуулду баштады. Бул аракеттин негизги мааниси популизмде эмес, реалдуу күрөштө экендигин чындык көрсөттү. Ташиевдин “Коррупция менен акыркы коррупционер калганча күрөшөм” деген саясий эрки көптөгөн май курсактардын үшүн алды.
 

Келечек тазалыктан башталат...

Өлкөнүн алдында эң урунттуу маселелер турат. Ал - экономика, чек ара, энергетика, социалдык маселелер, булардын баары катуу тартип орногондо гана чечилет. Бүгүн бу жашоонун эң башкы жоопкерчилигин түшүнүү менен, аны өз мойнуна алып жаткан мекенчил жана мамлекетчил инсан Камчыбек Ташиевдин аракетине да түздөн-түз байланышат... Жөнөкөй үй-бүлөдө тарбияланып, саясаттын эң кыйын сыноолорунан, лабиринттеринен өтүп, чындык менен акыйкатсыздыкты, адилетсиздик менен адилеттүүлүктү өз башынан өткөргөн өлкөнүн саясий лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевде бүгүнкүгө жана келечек карта жалпы улуттук маанидеги жооопкерчилик турат.

Ал - Кыргызстандын жаркын келечеги...

Руслан АКИМАЛИЕВ, Булак: "Майдан. kg" гезити