- Аскар Акаев суракка келип, чон сенсация болду. Эми ал аягына чейин туруп “Кумтөрдөгү” аферанын бетин ачканга салым кошобу?
- Акаевдин сурактан кийин берген маегин көрдүм. Акаевдин сөзүнө караганда анын келишине президент Садыр Жапаров уруксат бериптир. Ал кандай сүйлөшүүнүн, кандай келишимдин негизинде келгенин билбейм. Бирок, Акаев “Кумтөр” маселесинде таза эмес экени эч кандай изилдөөсүз эле белгилүү.
“Документтер менен таанышып чыга элекмин, анан айтам, азырынча эч нерсе дей албайм” дейт. Чынында документ менен таанышыштын кереги жок. Ошол документи өзүнүн колу менен жасалган. Анан кантип кутулуп кетем деп ойлоп жатканына акылым айраң. Эгер “Кумтөр” боюнча Акаев күнөөлүү болбосо, анда эч кимди күнөөлөштүн кереги жок. Ошондогу документтерди өз колу менен түзүп, өз мээси менен кол койгон. Кол койбогон болсо бирөөнү сатып алган. Акаев эч нерсеге жардам бере албайт. Анын акылы, билими кыргыздын менталитетине кайнаса каны кошулбайт.
- Мындан ары аны кандай тагдыр күтүшү мүмкүн? Жоопко тартылабы?
- Эгер Акаевди жоопко тарта турган болсо, сурактан чыкмак эмес. Жоопко тартпайт. Бирок бошотуп да жибербейт. Бул чамасы сот иштерине башынан билген адам катары аралашыш үчүн келгендир. Сотту жеңсе өткөн өттү, кеткен кетти, жок дегенде акырында өзү оңдоп кетти деп актап жиберүү планы да болушу мүмкүн. Кандай болсо да элге пайдасы тийсе болду деп тилеп туралы.
Булак: "Майдан. kg" гезити