Тажикстандын “Ховар” маалымат агенттиги Ооганстандагы кагылышуулардан улам өз жандарын сактоо үчүн качып өткөн 345 этникалык кыргыздын Тажик өкмөтү тарабынан 17-18-июлда кайра Ооганстанга кайтарылгандыгын билдирди. Ага чейин Кыргыз Өкмөтү  Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигине, Тышкы иштер министрлигине качкындарды Кыргызстан кабыл алууга даярдыгын билдирип, аларды бизге өткөрүп берүүнү суранган. Бирок, ага Тажик өкмөтү жооп да бербестен Ооганстандын Вахон уездиндеги тийиштүү кызматтарга өткөрүп берип салды. Адегенде качкындар 347 болсо, жолдо эки наристе чарчап, 345и калган экен. Эми алар талибдер көзөмөлдөгөн жерге өткөрүлгөндөн кийин канчасы калат, ал белгисиз. Анткени, алар талибдердин көздөрү түз болсо качышмак эмес. Өмүрлөрүнө коркунуч келгендигинен улам тарыхый ата мекенине качышканы шексиз.

Тажик чек арачылары аларды жөн эле кайра өткөрүп беришпептир, качкындар 4 миңге жакын мал-келин айдап келатышса, алардын көбүн тартып алып депортациялашыптыр. Качкындарды Кыргызстанга өткөрүп беришпестен кайра артка куугандыгынын бир себеби ушундан болушу мүмкүн. Качкындар Кыргызстанга келишсе, тажик чек арачылары  тартып алган малдарын кайтарып берүүнү талап кылышмак,эми аларды кайра артка өткөрүп салышкандан кийин алардын  мародерлук иштери жабылуу  бойдон калат.

1992-1996-жылдары Тажикстанда жарандык согуш жүрүп, “бобчиктер” менен “юрчиктер” бири-бирин кырышканда Кыргызстанга өз жандарын сактоо үчүн он миңдеген тажиктер качып келишкен. Кыргызстан аларга баш калкалоого гана уруксат бербестен ачкадан өлбөсү үчүн эл аралык уюмдар менен бирге бардык  жардамдарды көрсөткөн. Акыр аягында каршылашкан эки тарап Бишкекте тынчтык келишимине кол коюшуп, мунасага келишкен. Эки тараптын дагы кагылышуусуна жол бербөө үчүн башка өлкөлөргө кошулуп Кыргызстан 1 батальон аскерин да жиберген. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын андай жардамын тажик эли эч качан унутпай тургандыгын эң жогорку трибуналарда бир нече ирет кайталаган. 2004-жылдагы Дүйшөмбүдөгү самитте: “бизди айрымдар аябай эле кайраштырышты, бирок биз достугубузду бекем сактадык. Биздин достугубуз мындан ары да бузулбайт” деп айтканы ЖМКларга да чыккан.Бирок, дөөгүрсүгөн диктатордун алардын баарын унутуп, боордоштурубуздун Кыргызстанга өтүшүнө да уруксат бербей койгондугу  эки өлкөнүн ортосундагы чоң кара так болуп калды. Кыргызстан ага жооп иретинде ушул убакка чейин мыйзамсыз жашап жүргөн этникалык тажиктердин бардыгын Тажикстанга чыгарып салуусу зарыл.

БУУнун качкындар жөнүндө Конвенциясына ж.б. эл аралык документтерге  ылайык, эгерде бир өлкөнүн жарандары өмүрлөрүн сактоо үчүн экинчи өлкөгө качып киришсе, аларды келген жерлерине кайра чыгарып салганга болбойт. Антсе аларды душмандары жөн эле өлтүрүп коюшат. Жарандык согушта 150 миңге жакын адамынан айрылып, 50 миңдей бала жетим калган өлкөнүн жетекчисинин бир ууч этникалык кыргыздарга ырайым кылбагандыгы - анын адамкерчиликсиз ырайымсыз жүзүн дагы бир ирет көрсөттү. Же ал талибдерге жагынуу үчүн ошондой кадамга барышы да ыктымал. Эмнеси болсо да бул эки өлкөнүн мамилелерине көлөкө түшүргөн окуялардан болуп калды.