Аз күн мурда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамына кол койду. Мыйзам жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын, ошондой эле мамлекет менен коомдун  кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Ачыгын айталы, бул мыйзам эбак эле кабыл алынышы керек болчу. Бирок буга чейин Жогорку Кеңеш тарабынан бир канча ирет даярдалганына карабай коомчулуктун катуу нааразылык, каршылыктарынан улам кабыл алынбай келген. Түшүнгөнгө мыйзам өкмөттүк эмес уюмдардын иштөөлөрүнө чектөө коюу, Батыштагы каржы донорлорунан каржыланышкан уюмдардын иштерин токтотуу, аларды кысымга же басымга алуу максатында эмес, өлкөнүн ички коопсуздугун, коомдогу стабилдүүлүктү камсыз кылуу, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген ар кандай жагдай, факторлорду алдын алуу максатында кабыл алынды десек болот. Анткени, акыркы жылдары Батыштан каржыланган НПОлор деген аталыштар менен белгилүү ар кандай бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдардын ишмердиктери ачыктан ачык эле саясий дестабилдүүлүктү жаратууга, улуттук баалуулуктарды талкалоого, коомдо саясий чыңалууларды пайда кылуу менен эл ичине бүлүк түшүрүүгө багытталып калды. Албетте, НПОчулар өздөрүнүн иш-аракеттери өлкөнүн, элдин кызыкчылыктарына каршы келерин дегеле  моюндашпайт. Сөз эркиндиктерин, адам укуктарын, демократиялык баалуулуктарды коргоого, аларды жайылтууга багытталганын бетке кармашат. Бирок ошол эле учурда чектен чыгышып, логикага, акыл-эске туура келбеген талаптарды (кээде ультиматумдук маанайдагы) коюшуп, ар кандай митингдерди, нааразылык акцияларды уюштуруу менен коомдо туруксуздукту жаратууну көздөшөрүн билип калдык. Алган гранттарын актоо үчүн  бөөнү төө кылууга, бөйрөктөн шыйрак чыгарууга даяр турушат. Бул өңүттөн алганда, бейөкмөтчүлөр Батыштын Кыргызстандагы “фас” дегенде “ав” деп “үрүп” чыгуучу куралдарына айланып калышты. Акыркы жылдардагы провакациялык, башаламан мүнөздөгү митинг, нааразылык акцияларынын баарында НПОчулардын “кулактары” көрүнөт. Же бул жагынан Кыргызстандын коомдук, саясий турмушу Батыштын эксперименттик  полигонуна, бейөкмөтчүлөрдүн жашылбайларды өндүрүүчү жайына айланып калды.

Кызыгы, бейөкмөт уюмдар мамлекеттик эң жогорку бийликтен, мамлекеттик органдардан, жарандардан ж.б. бардыгын талап кылышат. Ачык-айкындуулукка, мыйзамдуулукка чакырышат. Ошол эле мезгилде өздөрүнүн каражаттарды каяктан, кандай максатта алып жаткандыктары боюнча маалыматтарды таптакыр айткылары келишпейт, жаап-жашырышат. Мындай маселе көтөрүлсө эле “адам укуктарына, демократиялык баалуулуктарга шек келтирүү” дегенди бетке кармашып, айгай салганга өтүшөт. Бирок эмне үчүн башкаларга иштеген мыйзамдуулук, башкалардан талап кылынчу ачык-айкындуулук аларга келгенде иштебеши керек? Эмнеге алардын ишмердигин текшерүү жөнүндө сөз болсо эле так секиришип, каршылыктарын билдирип чыга келишет? Корко турган себептери барбы? Батыштан кутум максаттар үчүн каражат алынбаса, чындап эле сөз эркиндиги, адам укуктары үчүн күйүшүп митингдерди өткөрүшсө, анда эмнеден чочулашат? Ачык-айкын,  мыйзамдуу иш алып барышкан бейөкмөт уюмдарга карата аталган мыйзам долбоордун эч кандай зыяны болбойт. А бирок... “Демократияны, сөз эркиндигин, адам укуктарын коргоо” деген шылтоо менен Батыштын “лоббилик” кызыкчылыктарын ишке ашыруу менен  өңкөрүш-төнкөрүштөргө “кыртыш” даярдоо максатын көздөшкөн болушса, андай  НПОлордун иштери токтоосуз токтотулушу зарыл. Каржылоо булактарын жашырган, ал боюнча маалымат  бералбаган НПОлордун да иштери текшерүүгө алынып, анын жыйынтыктары менен чечим кабыл алынышы керек.

Ар бир мамлекеттик бийликтин милдети – өлкөнүн, жарандардын коопсуздуктарын камсыз кылуу. Андай болгон соң сырттан каржыланып иш жүргүзүп келаткан уюмдардын ишмердиктери тийешелүү органдар тарабынан текшерүүгө алынып туруусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай мыйзамдар башка мамлекеттерде эбак эле кабыл алынган. Айталы, АКШда бейөкмөт уюмдар өз ишмердиктеринде мыйзам бузууларга барышса, 10 миң АКШ долларындагы айып пулдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сыяктуу жоопкерчиликтер каралган.

Англияда  1853-жылы кабыл алынган Акттын негизинде иштеп келаткан система бар. Ага ылайык, коммерциялык эмес уюмдардын иштери тыкыр көзөмөлгө алынып, атайын Комиссия өкмөткө, парламентке отчет берип турат. Израилде болсо, 2016-жылы кабыл алынган мыйзамдын негизинде бюджетинин жарымын сырттан алган уюмдар каражатты каяктан, кайсы суммада алгандыгы боюнча маалыматтарды атайын сайтка жарыялап турууга милдеттүү. Андай маалыматты бербеген уюмдарга 8 миң доллар айып пул салынат.

Ал эми Индиянын бийлиги сырттан каржыланган ар кандай уюмдардын иштөөсүнө мыйзамдык негизде тыюу салган. Мыйзам кабыл алынгандан кийин өлкөдөгү 4 миңдей коммерциялык уюмдардын иштери токтотулган. Австралиядагы башка өлкөнүн өкмөтүнүн көзөмөлүндө иш жүргүзгөн бардык уюмдардын иштери Австралиянын өкмөтүнүн катуу текшерүүсүндө турушат. Маалыматты жашыруу, мыйзамды кыйгап өтүү, отчетту бербей коюу сыяктуу аракеттер кылмыш катары эсептелип, ал үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. 

Демек, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамы эң туура кабыл алынды. Муну менен мамлекеттик жогорку бийлик өлкөнүн ички коопсуздугуна коркунуч келтирчү факторлорду алдын алууда. Эми мындан ары бейөкмөт уюмдардын каржылык жактары көзөмөлгө, текшерүүгө алынып, НПОлор да ачык-айкындуулук менен иштөөгө өтүшү зарыл.