- Эрнест мырза, Таалатбек Масадыковдун вице-президенттик кызматка бекиши көпчүлүктү таң калтырды. Мамлекеттеги таасири чоң болчу  экинчи  адамды президент кандай  артыкчылыгы үчүн кызматка тартты деп ойлойсуз?

- Таалатбек  Масадыковдун Коопсуздук Кеңештин Төрагасынын орун басары болуп дайындалганы, президент чечкиндүү кадамга барганы туура эле болду.  Анткени, азыркы убакытта биздин эле өлкөдө эмес, бардык Борбордук Азия регионунда  РФ+КНР да дагы эң курч маселе бул - Афганистан маселеси. АКШ 20 жылдын ичинде баарыбызга чоң көйгөй жаратып, Афганистандан чыгып кетип баратат.  Масадыков эл аралык конфликт, Афганистан боюнча мыкты сүйлөшүүчү, мыкты дипломат, мыкты конфликтолог.  Президент Масадыковдун ушул  артыкчылыгына басым коюп, кызматка дайындады. Мүмкүн бул маселе боюнча өйдөдө айтылган өлкөлөрдүн башчылары менен да консультация болгондур.

- Эми Масадыков ишке киришеби же таасирин көбөйтүп, президент менен тирешип, интрига менен алек болуп, президентке баш ооруу болуп маселе жаратабы?

- Интрига менен алек болбойт. Анткени, Президент буга жол бербейт. Себеби,  Садыр Жапаров өзүнүн жоопкерчилигин өтө сезет. Иш жүзүндө ал баарын сапка койду. Эми артка жол жок. Ошон үчүн, мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн жеке амбициясын, жеке кызыкчылыгын өлкөнүн, жалпы элдин кызыкчылыгынан төмөн коюп, интригага алдырбай мамлекетибизди коргойт, алдыга сүйрөйт деп ишенем.

 - Кыргызстанды америкачыл көз караштагы адамдардай эч ким сүйбөйбү? Кыргызстан аларга эле керекпи? Эмне үчүн маселе жаралса эле бейөкмөтчүлөр митингге чыга беришет?

- Эгерде байкасаңар, сиз айткан жагдайлар боюнча митингке көбүнчө жаштар чыгат. Бул боло турган нерсе, жылдан жылга либералдык көз карашы бар  жаштардын саны көбөйө берет. Бейөкмөттөргө акча бергендердин  максаты - Кыргызстанда өнүгүү, бейпилчилик эмес,  хаос, чыр-чатак. Аны билбеген жаштар адилеттүүлүк үчүн  митингтерге чыгышат, бирок жаштарды ээрчиткен бузуку саясатчылар бар. Алардын максаты бирөө эле - бийлик. Аларга баары бир, элдин жашоо турмушу кызыктырбайт. Тагыраагы, аларга бийлик эле керек. Байкасаңар, чыр болгон жерде эле ошондой бузукулар чыгып калат, булар жаратуучу саясатчылар эмес, булар кыйратуучу саясатчылар, жеке өзүнүн амбициясын, кызыкчылыгын мамлекеттин, өлкөнүн, жалпы элдин кызыкчылыгынан жогору койгондор.  Өлкөнү ушул абалга алып келгендери менен да иши жок. Элден да кечирим сурабайт. 

- Батышчылдардын максаты эмне? 

- Азыркы мезгилде дүйнө жүзү жаңы саясий экономикалык моделдерге өткөн атат. Батыштын либералдуу экономикасы иштебей калды. Жакын арада "жаңы Ялта" болушу мүмкүн (1944 -жылы Ялтада Сталин, Рузвельт, Черчиль дүйнө жүзүн бөлүшкөн), ар кандай валюта зоналарга бөлүнүп. Ошого батыш чоң аракет жасап атат. 2001- жылы АКШ Афганистанга кирип, чатактардын баарын чогултуп, эми чыгып кетип жатышат. АКШ да бей өкмөттөр да "кош стандартты" колдонушат. АКШ Афганистанга кирем деп, Нью- Йорк шаарында 11-сентябрда 2001- жылы көп жарандарын садага чапкан, Бен Ладен менен кошо. Ошон үчүн, жалпы эл Президентти колдоп, жардам бериши керек.

Аэлита Сатындиева