"Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын орун басары деген кызмат орундун уюштурулушу, бул орунга эл оозуна илинип калган Таалатбек Масадыковдун дайындалышы туура чечим болду деп ойлойм. Биринчиден Президент кошумча ресурска ээ болду, тегерегинде интеллектуалдык потенциалы бар, эларалык маселелерди түшүнгөн адам пайда болду. Экинчиден, Масадыков мырза вице-президенттик ыйгарым укуктуу кызматка келди, өлкөдө экинчи адамга айланды, эми өз дараметин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Иштин ийгилигин тилейли", - деп жазды коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына.
- Категория: Саясат
- Просмотров: 123