Бишкек, «Саясат. kg». БШКнын төрайымы маалымат жыйынын өткөрүп, провокация болушу мүмкүндүгүн билдирди.

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жасалма чектерди пайдалануу жана добуштарды кол менен эсептөө убагында бюллетендерди таштоо боюнча провокация болушу мүмкүн деген маалымат алышканын билдирди.

 

Төрайым бүгүн маалымат жыйынын өткөрдү.

 

«Процессти мындай провокациядан сактоо боюнча бир нече ыкмаларды сунуштадык. Азырынча шайлоо аймактарында мындай фактылар катала элек, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү инструкция боюнча иш алып барышууда», - деди Шайлдабекова.

 

Төрайымдын айтымында, мындай провокация жыйынтыкка ыраазы болбогондор тарабынан жасалышы мүмкүн.

 

«Добуштарды саноодо бюллетендердин саны идентификация боюнча чектердин санынан ашык болсо, жыйынтык жокко чыгарылат деген эрежеге таянып провокациялык схема түзүлүүдө деп божомолдоого болот», - деди төрайым.