Бишкек, «Саясат. kg». Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоо аймагына келип добуш берди.

 

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов жашаган жерине караштуу шайлоо аймагына келип, жарандык милдетин аткарып добуш берди. Жубайы, уулу жана кызы менен келген талапкер «шайлоонун жыйынтыгын үмүт менен күтөөрүн» билдирди.

 

«Мен өтө бактылуу адаммын. Эгемен мамлекетте жашап атабыз. Элибиздин жашоосун өзгөртөйүн, кантип өзгөртүү алып келсем деп ойлончумун. Аны да аткары турган убакыт келет. 15-октябрь кыргыз элинин, мамлекетинин тарыхында сөзсүз алтын тамга менен жазылып калаарына ишенем», - деди ал.