Таалимсиз кадамдарга барууга баары шыктуу, ал эми өзүн тыйып, адептүүлүктү, даанышмандыкты көрсөтүү эрки күчтүүлөргө гана таандык. 

 

Ар бир президенттик шайлоо сайын президент болом деп чамынып, бирок, маарага жетпей жыгылып калчу бир “күлүк” бар. Ал - сүйлөсө тилинен чаң чыккан, бирок кылганын ишинин мааниси жок - Адахан Мадумаров деген саясатчы.

 

Картинки по запросу Адахан Мадумаров

 

Саясатта жүргөнүнө нечен жыл болду, өзү айтмакчы саясатта жүрүп кара чачын агартты, анда-санда бийлик сунуштаган кызматтардан баш тартпай иштеп да атты. Анткен менен эл үчүн, мамлекет үчүн жасаган колго илинер бир да иши жок. “Мен бул кызматта иштеп жүргөндө, же депутат болуп отурганда мекеним үчүн мына муну жасадым”,- деп өзү деле айта албайт. Бирөөнү сындай келгенде Жээренче чеченди жолдо калтырат. Мындайларды элибизде “Сынчынын сыңар өтүгү майрык”- деп атап коюшат. Ошол эрен 8-октябрда Кочкор-Ата шаарында президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун эл менен жолугушуусуна бастырып кирип, тим эле бөтөн өлкөнү басып алып аткансып, эрдигине эрдемсип, талапкердин микрофонун өзүнө каратып алды. Жээнбековдун программасын угуу үчүн чогулгандар, Мадумаровдун “эрдигинин” айынан программаны эмес, анын  М.Конгантиев, К.Ташиев, А.Келдибеков сыяктуу саясатчылар тууралуу пикирин тыңшоого аргасыз болушту. Интернет өнүккөн заманда, саясатчынын бул кылыгы соцтармактарга тез эле тарап, “баскынчы” талапкер  коомчулукка шардана болду. Айрым азчылыктар Мадумаровду “эр экен” дешип, , Жээнбеков чогулткан элге өз ичкүптүсүн айтып алганын чоң иштей кабыл алышканы кызык болду. Ким эрдик, ким туура эмес кылык кылганына абай салып көрөлү.

 

Кайсы жерде, кандай абал болбосун тарбиялуу коомчулуктун жазылган-жазылбаган этикасы башкы орунда турат. Башка талапкердин эл менен жолугушууна бастырып кирүү эле бери дегенде этиканын эрежелерине айгак чыккандык. Өзүн сыйлаган, тарбиялуу адам эч убакта бирөөнүн короосуна уруксатсыз кирип алып, өзүнүн тиричилигин жасабайт.

 

Таалимсиз кадамдарга барууга баары шыктуу, ал эми өзүн тыйып, адептүүлүктү, даанышмандыкты көрсөтүү эрки күчтүүлөргө гана таандык. Ушундан алып караганда, бул жерде Мадумаров эмес, Сооронбай Жээнбеков эрдик жасады. Ал уруксатсыз бутун салган саясатчыны көкүрөктөн түртүп чыгарбады (негизи түртүп чыгарууга да акысы бар болчу, анткени алдын ала белгиленген планынын алкагындагы жолугушууну өткөрүп аткан), сүйлөшүнө мүмкүнчүлүк берди. Эл алдында жок дегенде адеп үчүн бир ооз “сүйлөөгө уруксатпы?” - демиш болуп сурап койбосо да, тим койду. Акыр аягында ар бир адам өз кылыгы үчүн өзү жоопкер болоорун Жээнбеков билди да.

 

Мадумаров да ошол күнү Кочкор-Атада эл менен жолугушмак экен. Кыязы, элдин көбү аны менен эмес, Жээнбеков менен жолугушууга келгенине арданып кеткен го, дароо эле атаандашынын короосуна сүзө качырып кириптир. Микрофонду кармап алып, бийликти бир сындаса, Ташиев, Келдибеков жана Конгантиевди эки сындап, Кыргызстанда өзүнөн башка акылдуу адам жоктой таасир калтырды. Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибековдор менен кечээ эле санаалаш болуп жүргөнүн жалпы журт билет. Ортодон азганак убакыт өтүп - өтө электе санаалаштарына жугунду куюп, жамандап баштаганы өзүнүн деңгээлин көрсөтүп атпайбы. Камчыбек Ташиевге бул боюнча суроо узатып байланышканыбызда, “Мындай эки жүздүүлөрдүн айтканына баа бере албайм, Кудайга койдум”, - дегенден башка кеп айтпады.

 

Мадумаровдун буга чейинки айткандарын да аңтара келгенде, кайсы бир адам тууралуу  эч убакта оң пикир айтпаганын билүүгө болот. Дайыма кандайдыр бир нааразычылыктын чогунда куйкаланып, белгисиз тарапка ич күптүсүн ичине катып, аны чыгаруунун миң түркүн амалын колдонуп келатканы келаткан. Ал ар дайым өзүнүкүн туура деп эсептеп, өз көз карашын башкаларга таңуулаганды, кокус анын көз карашына макул болбогон адам табылса, сөөк өчтү душманына айлантып алууну жакшы көрөт. Так ушундай мүнөзүнүн айынан саясатта эч ким менен идеялаш, багытташ боло албай келет. Ал эми саясаттагы жеңиш биригүү, бир пикирге келүү менен шартталат. Эч кимдин акылына муюбай, өзүнүн супсак акылын туу көтөрүп жүрө берсе, биригүү да жок, биригүү алып келчү жеңиш да жок. Анысын билбей эле, жолсуздугуна башкаларды күнөөлөп, кечээ эле бир булактан суу ичип аткандарын бүгүн шыбап чыга берсе, тез эле “шыбакчы” атка конот да, аны жакындан билген саясий чөйрөдөгүлөр гана эмес, коомчулук да жүз бурат.