Демек, убактылуу кызматты тапшырып же эмгек өргүүгө чыгып, өз талапкериңе үгүт жүргүзө берсең болот турбайбы  

 

Азыркы президенттик шайлоо өнөктүгү кызыган учурда баардык бийлик органдарынын катардагы кызматкерлеринен тартып, жетекчилерине чейин өз талапкери үчүн элди алдамай, коркутуу “компаниясын” жүргүзүшүүдө. Өткөндө шайлоо штабынын жетекчиси, вице-премьер-министр Д.Зилалиев Баткен облусунун активи менен болгон жолугушуудагы сөзү интернетке тарап кетип, бир топ коомчулуктун нааразычылыгын жараткан болчу. Натыйжада БШК шайлоо штабынын жетекчисин алмаштыруу керектигин гана чечип, Д.Зилалиев майлуу кызматында кала берген. Бул ирет КСДП фракциясынын лидери И.Өмүркуловдун үстүнөн  “Кыргызстан шайлоочулар бирлиги” деп аталган коомдук бирикменин жетекчиси Бакыт Керимбеков арызданды. Ал Өмүркуловду административдик жоопкерчиликке тартып, талапкерге да чара көрүүнү суранган. БШКнын эки жумушчу тобу арызды карап, депутаттын сүйлөгөнү мыйзам бузууга жатпайт деген чечимге келген. Боршайком мүчөсү А.Асаналиев Өмүркулов сөз сүйлөгөн учурда эки күндүк өргүүдө болгондугун билдирди. Жыйынтыгында бардык мүчөлөр арызды канааттандыруусуз калтыруу тууралуу жумушчу топтордун чечимин колдоду. Демек, убактылуу кызматты тапшырып же эмгек өргүүгө чыгып, өз талапкериңе үгүт жүргүзө берсең болот турбайбы.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити