Бул окуя К.Исаевдин камалышы жана бийлик талапкеринин негизги атаандашына каршы жасалма чагымчылдык эмеспи? 

 

Өлкөбүздүн тарыхындагы акча, административдик ресурс, криминал аралашкан президенттик шайлоодо тигил же бул талапкердин колдоочуларын сатып алуу, коркутуп-үркүтүүдөн тышкары уруп-сабоо сыяктуу да терс көрүнүштөр орун алууда. Ө.Бабанов тарапта иштеген “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы лидери К.Исаев камалгандан кийин, 3-октябрда  өзүн Дурбек Алимжанов деп тааныштырган адам Ош бажысынын кызматкери Зафар Айдаровдун кишилери аны шаар четине алып барып, сабап, кыйнап Өмүрбек Бабанов тууралуу жалган сөздөрдү айтууга мажбурлаганын айткан видеосу тарады. 50 жаштагы Ош шаарынын өзбек улутундагы бул жашоочусун жалпысынан төрт адам Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычы жакка алпарып, мык суургуч менен аябай сабашкан. Алардын талабы – Ө. Бабановдон 25 млн. сом алдым деп коомчулукка жалган билдирүү таратуу болгон. Ошондой эле шайлоо бүткөнчө Кыргызстандан чыгып кетүүнү айтышкан. Бирок жабырлануучу ушунчалык уруп-сабалгандыгына жана үй-бүлөсүн кошуп коркутууларга карабастан, жогорудагы талаптарды аткарбай, телеканалдардын бирине барып, болгон окуяны баяндап берген. Бул окуя К.Исаевдин камалышы жана бийлик талапкеринин негизги атаандашына каршы жасалма чагымчылдык эмеспи?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити