Жеӊиш жыты жыттанып… 

 

Ооба, ажо шайлоо менен алпурушуп атабыз. Оомат сөзсүз бирөөнө оош керек. Анткени орун бирөө гана.

 

Биздеги бул абалды сырткы өлкөлөр да баам салуу менен карап атышат. Мисалы, россиялык саясат таануучу Сергей Михеев: “Акыркы контекстен алып караганда Кыргызстандын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун мүмкүнчүлүгү бир топ жогорулады. Ал эми улут аралык мамилени козутууга аракет кылгандар жоопкерсиздигин эле эмес, аны жасоого даяр экенин көрсөтүүдө. Тажрыйба көрсөткөндөй, жарандардын дин аралык жана улут аралык топко бөлүнүп кагылышууга барышы кезектеги трагедияны алып келери белгилүү”, – деген курч пикрин айтып чыкты. Албетте, башка өлкөнүн серепчилери ойгоно калып эле ой токуй калышпайт. Андыктан бул айтылгандардан улам тышкы күчтөр да Сокеге басым кылууга өтүшкөнбү деген ой кетет экен.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити