Мурунку кулактан кийинки мүйүзбү? 

 

Туңгуч президент Аскар Акаев Москвада жатып алып Кыргызстан тууралуу кыялдарга гана батпастан, биздеги негизги маселелер боюнча да оюн ортого салып келет. Кызуу жүрүп жаткан шайлоо өнөктүгү боюнча пикирин айтып, талапкерлер тууралуу да кызык кепти салыптыр.

 

Акаев: “Сооронбай Жээнбековдун өмүр таржымалына көз жүгүртүп айта турган болсок, ал президент болууга татыктуу. Анткени ал буга чейин көптөгөн жетекчилик кызматтарда иштеп келди. Губернатордон баштап өкмөт башчылыкка чейинки бардык жолду басып өттү. Ал муну менен президенттик шайлоого да жакшы даярдык көрүп алды десек болот. Ошондой эле С.Жээнбековдон сырткары 4-5 талапкер да ажо болууга ылайыктуу. Анткени аларда жетиштүү тажрыйба бар. Ошону менен катар президенттик пост өлкөдө башкы роль болбой калбадыбы. Эми кыргыз эли акылмандуулук кылып, терең ой калчап, баарын салыштырып көрүп, татыктуу башчысын шайлап алат деп ишенем”,- деп шуу үшкүргөн. Канткен менен ажолук тагдырды башынан өткөргөн Акаев тегин жерден Жээнбековго карата ысык пикирин билдирип жатыптырбы. Эртеӊки тагдыры анын колунда калаарын кыйды киши сезип атса керек да.

Булак:  “Майдан.kg” гезити, №45 (323), 06.10.2017-ж.