Карышкыр-төр 

 

(Узун сөздүн уландысы)

 

- Сабыр байке, кебибизди улайлы. Президенттик шайлоого эки жумага жетпеген убакыт калды. Атаандаштардын ичинен алдыга озуп чыгып, “ушу экөөнүн бири болот” делип жаткан Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун тиреши күн өткөн сайын катуулап, башында, бири “административдик ресурсту колдонуп жатат”- делип, экинчиси “акчага сатып алгысы бар” делип айыпталып келгенин билесиз. Акыркы күндөрү Өмүрбек Бабановго “улуттар аралык араздашууну козутту” деген кине коюлуп, анын активдүү колдоочуларынын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев камакка алынып, Ош жактагы колдоочуларынын бирине кол салуу болгону тууралуу видео таркатылып жатат. Коомчулук ичинде “шайлоо чыр-чатака айланып кетеби (?)” деген кооптонулар пайда болуп жатат. Ушул окуялар тууралуу оюңузду уксак?

 

- Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адырындагы өзбек улутунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусундагы сүйлөгөн сөздөрү кызуу талкуу жаратып, кыжырдануулар менен коштолду. Бирок ал маалымат атайылап монтаждалган материал экенин талапкердин штабы айткандан кийин, көпчүлүк бас-бас болуп тынчтанып калгансыган менен, соц. тармактарда бул маселе боюнча козутуу улантылууда. Маселени талдап, оң тетирисин бөлүп карап алууга убактысы да, мүмкүнчүлүгү да жок карапайым элдин көңүлүн буруп алууга жасалган аракет канчалык пайда алып келээрин азырынча так болжолдоо кыйын. Түштүктөгү улут аралык кагылышуудан кан төгүлүп, миңдеген адамдар жабыркаганы али унутула элек. Күнүмдүк кызыкчылык үчүн ката элек жаранын картын сыйырган жорук элге жага бербеси ачык эле байкалууда. Ошон үчүн, “Бабанов өзбектердин добушу үчүн аларды кыргыздарга каршы тукуруп жатат” делген маалымат таркаганда эл албетте Өмүрбек Бабановго каршы көтөрүлө баштады. Азыр болсо, пикирлер өзгөрүп, монтаж жасагандарды жаман көрүп, “булар добуш үчүн жалганды таратып, элди кагыштыруудан да кайра тартышаар түрү жок экен” деп, тетири эффект да кетип жатканы байкалат. “Кудай берди, тилинен жаңылды, анча мынча чампалап туруп, элди оодарып алабыз” деп шашкалактаган штабчылар “артык кылабыз” деп тыртык кылып, Сокенин (Сооронбай Жээнбеков) аброюна көлөкө түшүрүп, аз жерден улут аралык жаңжал чыгарып жибере жаздашты дегендер да бар. Өмүрбек Бабанов ошол жердеги “тизелеп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы” деген сөзү чогулушту болтурбоо аракетин көрүп, жолду тосуп, коркутуп-үркүтүп, административдик ресурту колдонуп жаткандарга айтылганын тасманын талапкердин штабы чыгарган вариантын көргөндөн кийин ынанып калгандар деле болду. Бирок ага да токтобой, улут аралык жаңжал маселесин колдонуу аркылуу аброй табабыз дегенсиген үгүтчүлөр али да бар. Мен, мындай кооптуу маселе аркылуу аракеттер Сокеге пайдага караганда зыяны көп болушу мүмкүн деген ойдомун. От менен ойногондой... Анткени элибиз кайрадан коогалаң болушун каалабайт, козуткучтарды колдобойт. Мындай коогалаң жаратчу ишти менин оюмча, Соке деле жактырбайт болуш керек. Жандоочтордун агымы менен кетип калгандай. Штабдын “медвежий услугасы” болуп калды окшойт.

 

Канат Исаевдин камакка алынышы деле негизги атаандаш Өмүрбек Бабановго каршы иш-чара катары баалануда. Чоң суммадагы акчаны бирөөлөргө берип жаткан видео, “2500, 2000 киши, 500 ярый балдар” деген сөздөр, ага кошумча “криминалдардын сүйлөшүүсү” делген аудио жазууларды көргөндө оозун ачып эле, эмне дээрин билбей отуруп калышкан коомчулук, бул окуяны азыр кызуу талкууга алып жаткан кези. Канат Исаевдин акча берип жаткандыгы тууралуу видеодогу маалымат кылмыш ишин козгоого жетишсиз болгондуктан берки аудио жазмалар кошумча керек болгону ачык байкалып турат. УКМК ошол видео, аудио жазмаларга таянып Канат Исаевге кылмыш ишин козгоодо аны “криминалдар менен биригип кетти” деп айыптап, “кылмышкерлер менен бийликти басып алууга дайындалган”,- деп айыптап жатат. Бирок ошол эле учурда видео жазган камера криминалдын өкүлү делген, акча алып жаткан адамдын төшүнө тагылып турганы түшүнүксүз. Муну көргөн адамдардын баары бир ооздон, “Канат Исаев эмес эле, кызылдар менен каралар аралашып кеткен тура, постанова экен,” деген баасын берип, шайлоого утурлай бийлик тарабынан бир канча криминалдын өкүлдөрүнүн абактан бошотулганын эске салууда. Менин маалыматын боюнча Канатбек Исаевдин камакка алынышы Сокенин жакын чөйрөсүндөгү колдоочуларына деле жаккан жок. Тетирисинче аша чапкан, пайдасынан зыяны көп аракет катары бааланып, маанайды түшүргөнү байкалууда. Анткени, “биринчиден мунун баары кимге керек Сокеге керек, демек Соке каматты” деп түшүнүк кетип жатпайбы. Экинчиден, түштүк тарапта жердешчилик сезимдер менен уюшмалык, ынтымак күч болуп атканын көрүп-билип, бирок, дагы деле эч нерсе менен иши жок, энөө жаткан аркалыктардын жердешчилик сезимдери козголуп жатышы деле эч пайдасыз. Зыян гана алып келээри шексиз. Ошондуктан, эл ичинде “бийлик башындагылардын ичинде атайылап аша чаап, тымызын Сокеге каршы иштеп жаткандар бар го?”- деген пикирлер айтылып жатат. “Көсөөнүн акылы түштөн кийин”- демекчи, Канат Исаевди камакка алуу Сокеге зыян алып келээрин эми түшүнүшкөнсүп, “Темир Сариев жасаптыр, ошонун штабындагы балдар экен” деп күнөөнү башка жакка оодаруга аракеттенип чыгышканы эле кеч болсо да, аша чаап кеткендиктерин моюндоо катары бааласак болот. Бирок ката оңдолдубу? Ал балдар августун башында эле Канат Исаевди ээрчип Бабановго кетишкени маалым болду. Мен муну менен эмнени айткым келип жатат. Эгемендик алгандан берки шайлоолордо көнүмүш болгон зөөкүрлүк менен административдик ресурсту колдонуу адатын кайталоодон башканы билбеген чиновниктер ошол кылыктарын улантып жатат. Алар аша чаап, замандын өзгөргөнүн көзгө илбей, талапкерге зыян алып келип жатат. Азыр маалымат желдей учкан IT-технологиялар заманы, элибиз, мыйзамдарыбыз өзгөргөн. Ошондуктан Соке тарапташтарын ылгап карабаса, аша чаап аткандарын кой-ай деп тыйбаса, өтө одиозный, криминалдашкандардан арылбаса жалпы элдик колдоого ээ болушу кыйын.

 

- Муну кандай түшүнсөк болот? Бийлик өз талапкерине каршы аракеттерди көрүп жатат –деп түшүнүүбүз керекпи?

 

- Бир топ ЖМКлар “Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги жаш кадрлар эртеңки келечегин ойлоп катуу кабатырлангандан улам, коркуу сезимдери ойноп, катачылыктарды кетирип жатат”- деген пикирлерин билдиришти. Чындыгында эле, эгер Сооронбай Жээнбеков жеңилип калса алардын көбү азыркы кылып жаткан иштери үчүн жоопко тартылып, камалаары турган иш. Ошондуктан, кандай да жол менен болбосун негизги атаандаш катары келе жаткан Өмүрбек Бабановду мүдүрүлтүп, марага жеткизбөөнүн амалын кылышууда дегендер арбын. Алар өз тагдырлары үчүн абдан кабатыр болгондуктан, президентти да өзүлөрүнүн авантюралык пландарына аралаштырууга аракеттерди көрүп, кырдаалды көбүртүп-жабыртып, таңуулап, адаштырып, мажбур кылуудан да кайра тартпайт көрүнөт. Чоң суммадагы акча аралашкан видео, аудио менен Канат Исаевди  камашты. Эми эмне кылышат? “Канат аркылуу Бабановдун катыштыгы барын далилдеп” талапкерликтен алып салуу планы бар экени айтылып, “Акипресс” аркылуу Канаттын колуна “алтын карта” да кармата коюшту. Канат сатылбай койсо кантишет? Же, Бабановду шайлоодон четтетүү пландары ишке ашып жеңишке жеткенде кандай болот? Ал жеңиш легитимдүү болуп, эл кабыл алабы? Президент буга чейин, далай ирет “мен таза шайлоо өткөрүп берип кетем, эл шайлаган жаңы президентке бийликти өткөзүп берем” деп келди. Элибиз Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө ишенбейт дегенге негиз жок. Ишенип эле турат. Бирок шайлоо учурундагы чуулгандуу кадамдары адамдарды чочутуп жатпайбы.

 

- Ошто сабалган Өмүрбек Бабановдун тарапташы тууралуу айтпай кеттиңиз?

 

- Бул чатак иш болду. Алигиче кылмыш иши козголбогону эле көп нерсени боолголоого негиз берип жатат. “Арызын өзү алып келип берген жок” дешип, сабалган адамдын өзүн издеп атышканын айтып жатышат. Прокуратура ЖМКлар аркылуу тараган видео боюнча эле, “адам урдоо”, “акча талап кылуу”, “атайылап адамдын денесине жаракат келтирүү” ж.б.у.с. статьялар менен кылмыш ишин козгоп, иликтөө башталышы керек болчу. Мындай аракеттер көрүлбөй жатпайбы. Ошол видеодо бажы кызматкерлеринин аттары айтылып, эл муну “укук- коргоо органдары менен кылмышкерлер аралашып жасаган” деп жатышат. Мамлекеттик органдын кызматкерлеринин катышуусу менен жасалган кылмыш экени аныкталса, анда кыйноо беренеси кошулат. Ал берене он жылдан кем эмес мөөнөткө соттоону талап кылат. Анан дагы, ошол видеодогу 25 млн сом алгандыгы тууралуу мажбурлоо, Канат Исаевге карата козголгон кылмыш ишине шайкеш келтирүү, уландысы катары бааланып жатат. Анан бул иш жабырлануучу тарабынан коомчулукка жарыя кылынгандан кийин гана мажбурлап жаздырган аудиолор колдонууга жараксыз болуп калгандай. Ошондон улам эл ичинде, “бийликтин кылганы, “топорная работа, ит болушту, өзүлөрүнө өзүлөрү иш козгомок беле, Бакиевдин заманындагы беспредел башталдыбы?” деген пикирлер басымдуу болуп бара жаткандай. Айтор, “бөрк ал десе баш алган”, шымаланган зөөкүрлөр аша чаап кетти. Кетип аткан бийлик менен эртеңкисин ойлоп жандары оозуна кептелип аткан АШАнын “щеголдору” артык кылабыз деп атып тыртык кылып, бийликтин талапкери катары кетип жаткан Сооронбай Жээнбековго чоң зыян алып келишти. “Щеголдордун” артка кетээр жолу жок, алар кайтпайт болуш керек. Бирок Соке бул маселеден өзүн оолактатып, тийиштиги жок экенин далилдөө аракеттерин жасап, “шерденип” аткан көк мээ досторун тыйбаса болбойт. Эгер үндөбөй туруп алса “а-аа, Сокең да аралаш тура” дешээринде шек жок.

 

- Эми, буга чейинкиси го ушу болду, эми мындан аркысы кандай болот дейсиз?

 

- Эми аны прогноз берүү кыйын. Тынчтыкты тилеп эле, “о-оо Кудай, президентти акылынан адаштырып коогалаңга кабылта көрбө” деп тилегенден башка айла жок. Эми азыр, такыр бир нормальный адамдын оюна кирип-чыкпай турган кептерди угуп атабыз. “Айлалары алты куруган Атамбаевдин айлана чөйрөсү анын башын айландырып, шайлоону чатакка айландырып, жараксыз кылып, натыйжада Жээнбеков дагы, Бабанов дагы оюндан чыгарылып, март айында жаңы шайлоо болуп, Сапар Исаковду апкелет экен” деген кептер жүрүп атат. Таң каласың. Буларга биздин эл бир оюнчукпу? Эгер бийликтен кеткилери келбей эле, ушинтип мышык-чычкан ойното беребиз десе катуу жаңылышышат. Элибиз деле, “ий койчу, кетип атпайбы” деп эле чыдап, жаңыланууну күтүп атат. Анан андай болбой тетири кеткени аныкталганда, бир күнү болбосо, бир күнү шиши толгондо эмне болот? Ошондуктан, тынч, таза шайлоо откөзүп, эл шайлаган президентке бийликти өткөзүп бергенден башка жол жок.

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак:  “Майдан.kg” гезити, №45 (323), 06.10.2017-ж.