Балким БШК өзү да кийлигишип, добуштарды сатып алууну көздөгөн талапкердин талапкерлигин алып салышы керектир?
Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов жер-жерлердеги эл менен жолугушууларында «бийлик административдик ресурсун колдонуп атат» деп эле кыйкырып атканын угуп атабыз. Бирок, бүгүнкү күндө президенттикке ат салышып аткандардын арасында үлкөн кызматта отургандар өзү жана тандемдеши Бакыт Төрөбаев гана экенин негедир эсине алгысы келбейт.
Ошол эле убакта «Бабанов ар бир добушка 100 доллардан берет экен» деп бир жерде айтса, дагы бир жерде «10 миң сомдон бергени атыптыр, адегенде «задаток» катары 5 миңин, анан добуш берип чыккандан кийин калган 5 миңин берет экен» деген кеп-сөздөрдүн чыгып атканына көп болду. Жел жүрбөсө, чөптүн башы ыргалмак беле?
Жакында эле БШК төрайымынын атына Бабановдун шайлоо штабында иштеген М. Арымбаева аттуу айым арыз менен кайрылган. Ал 12-сентябрда оозеки макулдашуу аркылуу (шайлоо алдында оозеки макулдашып иштегендер өтө арбын болот) аркылуу Бабановдун штабынын начальниктеринин бири Алмаз аттуу жаран аркылуу жумушка алынат. Ал Арымбаевага кайсыл участокторго барышы керек экенин жана канча санда шайлоочунун документтеринин көчүрмөсүн чогултушу керектигин тапшырат. Арымбаева бул тапшырманы кынтыксыз аткарат. Бирок, ага убада кылынган эмгек акыны бербей коюшат. Тескерисинче аны шылдыңдап, «ишти жасай алган жоксуң» деп кордоп узатып коюшат.
Албетте, биринчиден, бул жерде Арымбаеванын алар менен документ түрүндө макулдашуу түзүп алып анан иштебегени, анын өзүнө кесепет болуп берип атат. Ошол эле убакта Бабановдун штабында иштегендер ар кайсыл участокторду кыдырып, шайлоочулардын паспортторунун көчүрмөлөрүн чогултуп, анан аларга ар бир добуш үчүн канча акча төлөнө турганын кыйытып айтып жүрүшкөнүнүн далили чыгууда.
Андыктан мына ушундай көрүнүштөргө тийиштүү органдар мыйзам чегинде чара көрүшү керек. Балким БШК өзү да кийлигишип, добуштарды сатып алууну көздөгөн талапкердин талапкерлигин алып салышы керектир?