Жарыш алдында жыдыгандар...


 

Президенттик жарышка чыккан саясатчылардын бирдиктүү оппозициялык алъянстын алкагында бир талапкерге токтолуу демилгесинен майнап чыга элек. Талапкерлердин бири Адахан Мадумаров жогорку кызматты убадалашуу аркылуу тандем түзүү бирдиктүү платформанын астына кеңейтилген оппозициялык альянска биригүүгө тоскоол болгонун билдирди.

 

Муну менен ал буга чейин президенттикке талапкерлер Бабанов, Төрөбаев, Мадумаров жана Сариевдин ортосундагы бирдиктүү талапкерге токтолуу демилгеси үзгүлтүккө учурап жатканын белгиледи. Буга чейин Бабанов менен Төрөбаев биригип "президент-премьер-министр" тандеми түзүлгөнүн жарыяланган.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити