Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери – президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин эл менен жолугушуусу болот. 

 

“Ата-Журт” саясий партиясынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, жолугушууга жалпы-жонунан 15 миндей адамдын катышуусу күтүлүп жатат. Айдың талаага катат-катар боз үйлөр тигилип, улуттук оюн-зооктор менен кошо эстрада ырчылары концерт коюшат.

 

Шайлоочулар Жалал-Абад облусунуна гана эмес, башка аймактардан да чакырылган.

 

Бул чоң иш-чара Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында Камчыбек Ташиев өз каражатына жакында оңдоп бүтүргөн бир катар ички жолдордун ачылышына да багытталган.

 

Эн негизгиси, Камчыбек Ташиев эл алдында президенттик шайлоого карата өзүнүн так позициясын билдирмекчи. Эске салсак, кечээ Барпы айыл аймагынын Комсомол айылында эл менен баарлашуу убагында К.Ташиев президенттик жарышта Сооронбай Жээнбековду колдой турганын билдирген.

 

Буга байланыштуу, бүгүнкү жолугушууга президенттик талапкер Сооронбай Жээнбековдун дагы катышаары күтүлүп жатат...