Мында Сооронбай Жээнбековго Алай районунда шайлоочулар менен жолугушууда эл кантип жолугушуу өтчү стадионго келишкенинин “сводкасы” менен тааныштырабыз.

 

18-сентябрда  КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков Алай районундагы шайлоочулар менен жолугушууга барган. Соцтармактардагы маалыматтарды бириктиргенде, ал жердеги мамлекеттик мекеме –ишканалардын жетекчилери элди  чогултууга төмөнкүдөй аракеттерге барышкандары белгилүү болду:

 

  • * Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен боло турган жолугушуунун алдында аталган райондогу бардык мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлерин “жолугушууга милдеттүү түрдө катышам” дегизип кол койдуртуп алышты.
  •  
  • * Мекеме-ишканалардын, анын ичинде бала бакча, мектептердин ишин саат 15:30дан баштап токтотушту.
  •  
  • * Мектептин жана лицейдин окуучуларына форма кийгизишип, мажбурлап жыйынга катыштырышты.
  •  
  • * Жолугушуу болуп жаткан стадиондун четинде Тез жардам унаасы турду.
  •  
  • * Стадионду милиция кызматкерлери курчап, коопсуздукка көзөмөл салышты.
  •  
  • * Аскалы айылынын мектебин саат 13:30да жаап, мугалим-окутуучулар менен Гүлчөгө айдап келишти.
  •  
  • * Гүлчө айылында №4 бала бакчаны саат 15:00дө жабышты.