Бишкек, «Саясат. kg». БШК Камчыбек Ташиевди президенттикке талапкерлердин катарына каттады.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого дагы алты талапкерди каттады. Чечим БШК жыйынында кабыл алынды.

 

Маалыматка караганда, Камчыбек Ташиев менен Арстанбек Абдылдаев да каттоодон өтүштү.

 

Эске салсак, БШК талапкерлер Рита Карасартова, Кубан Чороев, Камила Шаршекеева, Турсунбек Акун жана Талгатбек Кожогуловдун чогулткан кол тамгаларын жараксыз деп тапкан. Ахматбек Келдибеков, Канатбек Исаев жана Исхак Масалиевди ар кандай себептер менен каттоого албаган.