Бишкек, «Саясат. kg».  "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун тарапташтары топтогон кол тамгалар бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылды.

 

Бул тууралуу Адахан Мадумаров өзү билдирди.

 

Маалыматка караганда, жалпысынан 55 миңдей   кол чогулган. Бирок, алардын 10 миңден ашууну жараксыз деп табылган жана 43 миңи БШКга  өткөрүлүп берилди.   

 

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.