Бишкек, «Саясат. kg». Президенттикке талапкерлердин дагы экөөсү кыргыз тилинен тест тапшырышты.

 

Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиядан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 15-августта талапкерлер Аскарбек Абышев менен Советбек Абыкулов кыргыз тилинен тест тапшырышып, бирок, жетиштүү балл топтой алышкан эмес.

 

18-августта алар кайрадан тест тапшырышып, жыйынтыгында Аскарбек Абышев 60,45 баллга жеткен, ал эми Советбек Абыкулов 60,54 балл алган. Кайталанма тесттен алар Кыргызстан президенттигине талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүү боюнча эрежелердин 5-бөлүмү, 36-пунктуна ылайык өтүшкөн.

 

 Аталган эреже боюнча, талапкерлер 4 субтест тапшырышып, жыйынтыгында, 60тан кем эмес  балл топтоолору зарыл.

 

Улуттук комиссиянын түшүндүрмөсүнө караганда, тест тапшырган талапкер анын жыйынтыгына ыраазы болбосо, атайын түзүлгөн апелляциялык комиссияга арыз менен кайрыла алат. Комиссия арызды карап чыгып, талапкерди кайтадан тест тапшырууга киргизүү керекпи, же жокпу – чечим чыгарат.