Бишкек, «Саясат. kg». Жөжө санай турган маал жакындап калды…

 

Бул жуманын аягына карата, президент болом деген дымактуулардын саны азайды. Азыр алар 51ге жетти.

 

Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, жалпысынан 59 адам президенттик шайлоого катышу ниетин билдирип арыз жазышкан. Алардын 48и өзүн өзү көрсөткөндөр болсо, ал эми 11и ар кайсы саясий партиялардын чечими менен сунушталышкан.

 

БШК азырынча бир гана Темир Сариевди талапкер катары расмий каттады. Каттоо 10-сентябрга чейин жүргүзүлөт.