Бишкек, «Саясат. kg». 11-августка карата президенттикке талапкерлердин 37си мамлекеттик тилден сынактан өтүп бүтүштү.
Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын маалыматына караганда, 11-августка карата, жалпы элүүдөн ашык талапкерлердин 37си сынактан өтүштү. 35и эне тилин жетиштүү деңгээлде билээрин далилдешсе, эки талапкер 60 баллдан ылдый баа алып калышкан.
Эрежедеги баллга жетпей калгандар ишкер Руслан Жунусов менен фермер Калмамбет Мыктымбаев болду.