Бишкек, “Саясат.kg”. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев менен экспресс-маек...

 

- Президенттин Чолпон-Атадагы журналисттерге берген маалымат жыйынында “Эгерде КСДПдан Сооронбай Жээнбеков болбогондо Өмүрбек Бабановду колдомокмун. КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин кѳрсѳттү. С.Жээнбеков Ѳ.Бабановдон жогору турат” дегендей пикирин айрымдар будамайлашып, коомчулукту адаштырганга аракеттенип жатышат. Сиз ошол маалымат жыйынга катышкан өкүл катары бул тууралуу кандай пикир айта аласыз?

 

- Алмазбек Шаршенович 1995-жылдан бери Сооронбай Шарипович менен биргеликте учурдагы абройлуу КСДПны куруп келе жатышат. Президенттин саясый майдандагы эмгегин эл билет. Бул киши өзүнүн ишенимдүү кишисине көптөгөн жыл чогуу иштеген кишилерине гана ишеним артат жана ошолор менен иштешет. Мамлекет болгондон кийин 6 миллион элдин мындан аркы тагдырын өлкө башчыбыз өзүнүн ишенимдүү кишисине, мезгилдин сыноосунан өткөн тажрыйбалуу мамлекетчил инсанга гана тапшыргысы келет да. Ошондуктан, Ысык-Көлдө өткөрүлгөн президенттин маалымат жыйынында өлкө башчысы журналисттерге Сооронбай Шариповичтин гана талапкерлиги боюнча айтты. Ал эми ошол маалымат жыйынындагы калган ой-жүгүртүүлөрү эми ошол эле Өмүрбек Бабановдон башка Бакыт Төрөбаевди ысымдарын тек гана гипотетикалык маанайда гана айтты.

 

- Демек, президент Сооронбай Жээнбековду гана колдоого алаарын бекемдеген десек болот да ээ?

 

- Туура, ал өзүнүн баштаган бүтүндөй иштерин албетте, Сооронбай Жээнбековго ишеним артуу менен ага токтолуп жатат. Анын үстүнө Алмазбек Шаршеновичтин Жээнбековго карата ишенимине бүтүндөй КСДПнын мүчөлөрү бир добуштан ортоктош болушуп, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп беришти. Анан калса Сооронбай Жээнбеков бийик тажрыйбалуу, арты таза инсан болуп жатса, баардыгынан колдоо алат да. Кыскасы, Алмазбек Атамбаев ошол Чолпон-Атадагы жыйынында өзүнүн көз карашын жалгыз Сооронбай Жээнбековго гана багыттады. Калган талапкерлер боюнча айтканы тек гана гипотетикалык маанайдагы ой-жүгүртүү пикири болду.