Бишкек, «Саясат. kg». Президенттикке талапкерлердин арасынан эң көп каражат короткону азырынча Бабанов болууда.
Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, президенттикке талапкерлердин арасынан эң көп каражат короткону азырынча Бабанов болууда. Белгиленгендей, Бабановдун шайлоо фондуна 32 миллион сом келип түшкөн. Ал 20,7 миллион сомду коротууга үлгүргөн.
Калган талапкерлердин чыгашасы бир топ аз. Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондуна 3 миллион сом түшсө, анын 398 сому коротулган.
Темир Сариев 5,5 миллион сомдун 3,7 миллионун коротту.