Бишкек, «Саясат. kg». БШКга дагы эки жаран президент болууга ниетин билдирди.

 

БШКга дагы эки жаран президенттик шайлоого катышуу боюнча арыз жазды.

 

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, арыз бергендердин бири 1960-жылы туулган, пенсионер, генерал-майор  Иманкулов Марат Муканович. Ал өз кезегинде  2010-2011- жылдары УКМКнын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.  2011-жылы да президенттикке ат салышып, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында 10-орунду ээлеген.

 

Экинчи жаран  Бөлтүрүков Өмүрбек Аяпбергенович, 1955-жылы туулган. «Бөлтүрүк» дыйкан чарбасынын башчысы.

 

Ушуну менен БШКга президенттик өзүн өзү көрсөткөн 42 жарандан, ал эми саясий партиялардын чечими менен 11 жарандан арыз келип түшкөн.