Бишкек, "Саясат. kg". Бул тууралуу БШКдан билдиришти. 

 

КР БШКа  Айрым  аймактык  шайлоо комиссияларынын  тутумуна  жана резервине өзгөртүүлөрдү  киргизди. Чечим тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын  мүчөлөрүнүн  арыздарынын  негизинде кабыл алынды.

 

Ошентип, Ош областы боюнча:

 

-А. Аттокуров  (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун   өкүлчүлүктүү органынан) Ош  аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, резервден комиссиянын тутумуна Э. Аргынбаев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун   өкүлчүлүктүү органынан)  киргизилди;

 

-С. Сулайманов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун   өкүлчүлүктүү органынан)  Араван аймактык шайлоо комиссиясынын  тутумунан чыгарылып, К.Эралиев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун   өкүлчулүктүү органынан)  резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;

 

-Ж. Садыкбаев, Э Джороев  (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун   өкүлчулүктүү органынан)  Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып,  Ш. Жанботоева, Р.Сражов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун   өкүлчүлүктүү органынан)  резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;

 

Жалал-Абад областы боюнча:

 

-М. Сайпидинов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун   өкүлчүлүктүү органынан) Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Н.Топчубаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун   өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;

 

-А. Молдалиев  (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун   өкүлчүлүктүү органынан) Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып,  Д.Ашырахунова («Республика» саясий  партиясынан)  резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;

 

-М. Арстанов, А.Ызакбаев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун   өкүлчүлүктүү органынан) Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынан тутумунан чыгарылып, Жаныбек кызы Алтынай жана К.Кудайбергенов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун   өкүлчулүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.