Азимбек Бекназаров: "Мен айтам, эч кимдин акчасын албагыла! Добушуңарды, келечегиңерди акчага сатпагыла! Арслан, досум, эгер аламан жарышка барам десең, сен татыктуулардын татыктуусусуң!”

 

“Аалам” саясий партиясы түптөлгөнүнө он жыл толгонуна байланыштуу Ысык-Көлдүн жээгинде, Тоң районунда маараке өткөрүштү. Кырк боз үй тигилген бул мааракеге өлкөнүн жети дубанынан аталган партиянын мүчөлөрү, белгилүү саясатчы, коомдук ишмерлер катышышты.

 

Алгач “Ааламдын” тең-төрагасы Арсланбек Малиевдин  мамлекет үчүн жасаган иштеринин топтомун чагылдырган тасма чогулган элге көрсөтүлдү. 

 

Саясатчы Азимбек Бекназаров Арсланбек Малиев менен көп жыл парламентте чогуу иш алып барганын эске алып, досу “кулун” эмес, “он асый тулпар” болгонун белгилеп, алдыдагы президенттик шайлоого барууга татыктуу экенин айтты: “Чынын айтайын, кыргыздын саналуу гана депутаты бар. Туура, азыр да мыкты депутаттардан эл куру кол эмес. Бирок, Ысык-Көлдөн Малиевдей депутат чыкпайт, Нарындан Кадырбековдой, түштүктөн Текебаев, Садырбаевдей депутат эми жок. Өгүнү эл аралап жүрсөм, бир аксакал айтып атат, - эми биз ким келип, чайын берип, бата сураса, батабызды берип отура беребиз да,- деп. Акаев бир убактарда “талапкерлердин акчасын ала бергиле, бирок, шайлоого келгенде өзүңөр тандаганга добуш бергиле” деген. Ошентип ал кыргыз элин бузган, кыргыз элин эки жүздүүгө айланткан. Мен айтам, эч кимдин акчасын албагыла! Добушуңарды, келечегиңерди акчага сатпагыла! Арслан, досум, эгер аламан жарышка барам десең, сен татыктуулардын татыктуусусуң!”.

 

Тең-төрага Жылдыз Жолдошова Арслан Малиев Акаевдин убагында парламентте отуруп, оппозициялык депутаттардын катарын толуктаганына токтолду: “Бийликтин программасына каршы туруу бул татаал нерсе. Ушундай эмгекти Малиев жасаган. Муну унутпаш керек. Тоң району, уулуңарды үч жолу парламентке шайлагансыңар. Жыйынтыгында, көп жакшы нерселерди сиздер үчүн жасады. 2005-жылы кыдырып көргөнүбүздө, жол десе жол, электр десе электр, суу десе суу менен камсыз кылыптыр. Эгер азыркы аш саясатчылар ушундай ишти кылганда күн сайын интернет желесинен көрмөкпүз. Анын баарын соцтармактарга бөлүшүшмөк. А биз, улуу муундар пиардан алыс экенбиз. Кыргыздын Арслан Малиевдей таза уулдары барына сыймыктанышыбыз керек”, - деп белгиледи.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 05.07.2017-ж.