Алтайда анын эмнеси бар? Эмне билгени бар? Камчыке негизи бир кызыктын башынан чыкканы калды окшойт...

 

Биздин маалыматтарга караганда, “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бул жакта шайлоого байланыштуу саясий кырдаал курчуп, сүйлөшүүлөр, биригүүлөр, “ким-кимди колдойт” жараяны кызып жатса, илгери ата-бабаларыбыз жердеген Алтайга сапар тартыптып...

 

Соңку кезде аталган партиянын атынан кимдин талапкер болуп аттанып чыгаары, атүгүл Мадумаров-Келдибеков-Ташиев үчилтигинин сөзү кандай, таркап кеттиби же аягына чейин турушары белгисиз болуп жаткан чакта, калган саясий уюмдар үстөккө-босток курултай чакырып, талапкер жылдыруу камын уруп атканда түштүк элинин тиреги болгон партия лидеринин минтип кеткенинде кандай мандем бар? Баштап июнь аягына, андан барып июлдун 5ине, эми таптакыр белгисиз мөөнөткө партия курултайы жылып кеткенинде кандай табышмак жатат? Бул партия башында турган баатырлар биригип бир талапкер чыгара алабы же адаттагыдай жем-куш болушабы? Же колдосо кайсы талапкер менен шайлоого чыгат? Бул суроолордун баарына Камчыбек Ташиев жооп бериши керек эле. Алтайда анын эмнеси бар? Эмне билгени бар? Камчыке негизи бир кызыктын башынан чыкканы калды окшойт...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 05.07.2017-ж.