Элмира айымдын атасы Султан Ибраимов жогорку кызматтарды жетектеп, Кыргызстандын түндүк-түштүгүнө тең эмгек сиңирген, өз учурунда эбегейсиз кадыр-баркка ээ инсан болгон.

 

“Ак Шумкар" партиясынын шайлоо алдындагы штабын белгилүү коомдук ишмер Элмира Ибраимова колго алды.

 

Биздин баамыбызда, Темир Сариев штабга Элмира Ибраимованы дайындап, алдыга жылуунун жаңы үлгүсүн көрсөткөнү туру. Бир четинен бул вариант деле жөндүү. Себеби, Элмира Султановна аялзатынан чыккан чынчыл, чыгаан мамлекеттик ишмер катары бааланат. Анын үстүнө “ак-шумкардын” штабын аял кишинин башкаруусу дагы коомчулук үчүн жылуу кабылданары шексиз.

 

Эске сала кетсек, Элмира айымдын атасы Султан Ибраимов жогорку кызматтарды жетектеп, Кыргызстандын түндүк-түштүгүнө тең эмгек сиңирген, өз учурунда эбегейсиз кадыр-баркка ээ инсан болгон. Азыркы улуу муундагылар ал кишинин зоболосун баалап, мамлекет үчүн опол тоодой иштерди жасаганы үчүн сыйлашат. Ток этери, ата баркы аздектүү эмеспи, “ак-шумкарга” да жарыгы тийсе керек…

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 05.07.2017-ж.