Турсунбек Акун: "Мекендештериме дагы расмий түрдө кайрылуу жасаймын... Карапайым калктан дагы акча чогултууга мажбурмун!"

 

Кыргызстандын мурдагы Акыйкатчысы Турсунбек Акун “Адам укугу” партиясынын атынан пезиденттикке талапкер катары көрсөтүлүп жатат. Бул туурасында аталган саясий уюмдун штабынан редакциябызга билдиришти.

           

Ал эми Турсунбек Акун өзү кабарчыбыз менен байланышып, буларды кошумчалады: “- Билесиңер, менин башкаларчылап муну үчүн күрөөгө койгонго жетишээрлик байлыгым жок! Азырынча, үйүмдү гана президенттик таймаш үчүн күрөөгө аргасыздан коюп жатам. Мындан тышкары мекендештериме дагы расмий түрдө кайрылуу жасаймын. Демек, карапайым калктан дагы акча чогултууга мажбурмун!”.

 

Турсунбек Акун бул чечимин 6-июлда “Достук” мейманканасында өтүүчү “Адам укугу” партиясынын биринчи курултайында өзүнүн партиясынын атынан гана ачык жар салганга ниеттенип тургандыгын дагы кошумчалады.

 

Баса, Турсунбек Акун - президенттикке саясий уюмдун атынан көрсөтүлгөн мурдагы премьер-министр Темир Сариевден жана “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаевден кийинки эле экинчи талапкер.

 

“Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын” колдоосу менен 1990-жылы түзүлгөн  Кыргызстан укук коргоо кыймылы 2015-жылдын 21-январында өзүнүн конференциясында  “Адам укугу” саясий партиясына айланган. Демек, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын чейрек кылым баскан жолу “Адам укугу” саясий партиясынын тарыхы болуп саналат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 05.07.2017-ж.