Бишкек, "Саясат. kg" Кыргызстанда COVID-19 илдетинин 527 жаңы учур катталды
Кыргызстанда COVID-19 илдетинен 5 адам каза тапты.
Республикалык штабынын маалыматы боюнча, Баткен облусунда 3 адам, Чүй облусунда 1 адам жана Бишкек шаарында 1 адам.
Муну менен көз жумгандардын жалпы саны 1193 адамга жетти.
Ал эми акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетине чалдыккан 527 адам катталды.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек — 108;
- Ош — 51;
- Чүй облусу – 97;
- Ош облусу — 36;
- Талас облусу — 15;
- Нарын облусу — 7;
- Ысык-Көл облусу – 59;
- Жалал-Абад облусу – 105;
- Баткен облусу — 49.
Өлкөдө коронавирус жана пневмония менен катталгандардын жалпы саны 64 миң 887 адамды түздү.